Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:32

Чолпон жылдызы - Жер планетасынын "адам чыдагыс" эгизи!


Европа алгачкы робот менен иштеген аалам кемесин ушул аптада Чолпон жылдызына учурат. Кеме планетанын айына айланып учуп жүрүп, адамзатына анын эмне үчүн Жер планетасынын "Адам чыдагыс эгизи" болуп калганын билүүгө көмөктөш болмокчу. Чолпондун чоңдугу Жер менен бирдей , бирок абасынын ысыктыгына жана абанын басымына адам чыдай албайт, ал эми булуттары силфат кычкылына каныккан. "Чолпон Экспресс" аталган европалык кеме жыйнап, бизге жөнөткөн маалыматтар Жердин өзүнүн аба-ырайын жакшылап түшүнүүгө көмөк болот деп үмүттөнүшүүдө.

Бул тууралуу Оксфорд Университетинин профессору Фред Тейлор мындай дейт:

– Чолпон планетасынан Жерди келечекте кандай коркунуч күтүп турганынан айрым түшүнүк алууга болот. Эгер Чолпонду түшүнсөк, биз мисалы Жердин абасынын ысышы тууралуу көбүрөөк билебиз. Бул өз планетабызды коргоого жардам болот.


Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Нарын Айып жана Жаңыл Жусубжан даярдады

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG