Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

КРИВОРОЖСТАЛЬ 4,8 МИЛЛИАРД ДОЛЛАРГА САТЫЛДЫ


Украинанын эң чоң металлургиялык комбинаты- Криворожсталь ачык өткөрүлгөн аукциондо 4 миллиард 800 миллион долларга сатылды. Ишкананын жаңы ээси Нидерландиянын Mittal компаниясы дүйнөдөгү болот эритүүчү эң чоң эки ишкананын бири. Криворожсталь 2004-жылы Украинанын ал кездеги президенти Леонид Кучмага жакын өнөр жай тобуна 800 миң долларга сатылып, бирок кийин соттун чечими менен келишим мыйзамсыз деп табылган.

Украин өкмөтү Криворожсталь компаниясын жок дегенде 2 миллиард долларга сатууну мерчемдеп жаткан. Бирок үч атаандаштын кирешелүү ишкана үчүн талашы баштапкы баанын эки эседен көп жогорулашына алып барды:

- Мен кайрадан эсиңиздерге салам, сатыкка Криворожсталь компаниясынын акцияларынын пакети коюлган. Үчүнчү номурдагы аларман - Mittal болот компаниясы 24 миллиард 200 миллион гривна сунуш кылды. Үч! Үчүнчү номурлуу кардарга сатылды, - деп жарыя кылды аукциондун далдалчысы.

Ошентип, Нидерландиянын Mittal болот компаниясы Украинада өндүрүлгөн металлдын дээрлик бештен бирин чыгарган ишкананын акцияларынын 92 процентин 4 миллиард 800 миллион долларга сатып алды. Люксембурдун Arcelor SA жана Днепропетровск шаарындагы LLC Smart группасы мынча акчаны сунуш кыла албады. Arcelor өз каржы жетпегенден улам аукционго Донбасстагы Украин өнөр жай союзу менен теңорток катышты.

Криворожсталь өткөн жылы 1 миллиард 900 миллион долларга болот саткан. Ишкана арзан чийки заттарды, отунду жана жумушчу күчүн колдонгондуктан өтө кирешелүү эсептелет.

Соодадан кийин Украинанын мүлк фондунун орун басар башчысы Дмитро Парфененко металлургиялык комбинаттын жаңы ээси өзүнө бир катар милдеттенмелерди алганын билдирди:

- Кардардын өтө жооптуу милдеттенмелери бар. Анын ичинде экономика, инвестиция жана айлана чөйрөнү коргоо жаатында, ошондой эле компаниянын жумушчуларына социалдык ныпаларды жана кепилдиктерди берчү абдан олуттуу социалдык пакет бар. Кудайым жаңы кожоюнга бардык милдеттенмелерди аткарууга жардам берсин. Мен өз тарабымдан, Мамлекеттик мүлк фонду бардык мүлктү катуу көзөмөлгө аларын эскерте кетейин.

24-октябрда Криворожсталь экинчи жолу сатылды. Алгач компания 2004-жылы ошол кездеги өлкө президенти Леонид Кучмага жакын өнөр жай группасына 800 миллион долларга сатылган. Бирок июнда соттун чечими менен мамлекетке кайтарылган.

Украин президенти Виктор Ющенко аукциондон кийин өткөн маалымат жыйынында, анын өкмөтү коррупцияга каршы күрөшүү жана экономикалык реформаны тездетүү жөнүндөгү убадасын унутпаганын айтты:

- Бүгүнкү окуя Украина менчиктештирүүнү бардык мыйзамдарга ылайык сыйда өткөрүүгө жарамдуу экенин күбөлөйт. Украин өкмөтү өзүн сынап көрдү.

Анткен менен, Мамлекеттик мүлк фондунун алдында чогулган 150дөй адам “Криворожсталь - элдин менчиги!” деген ураан көтөрүшүп, өлкөдөгү ири металлургиялык компанияны менчикке сатууга нааразычылыгын билдирип турушту.

XS
SM
MD
LG