Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:08

ФЕЛИКС КУЛОВГО КАРШЫ ЖАНА АНЫ КОЛДОГОН МИТИНГДЕР УЛАНУУДА


Чолпон Орозобекова, Бишкек 26-октябрда «Алатоо» аянтында «Ар-намыс» саясий партиясынын демилгеси менен премьер-министр Феликс Куловдун жактоочулары митинг өткөрүштү. Ага жер-жерлерден келген миңге чукул адам катышты. Ушул эле учурда маркум Тынычбек Акматбаевдин 300гө чукул тарапкери катышкан нааразылык чарасы парламенттин алдында улантылды.

Митингдин катышуучуларынын көпчүлүгү «Биз коркпойбуз» деген жазуусу бар төш белги тагынып жүрүштү. «Жарандык согушка жол бербейбиз», «Куловдун отставкасы - демокартиянын өлүмү» деген ураандар илинип турду. Бул митинг шейшембиде эле башталганы менен шаршембиде гана ырасмий ачылды десек болот. “Ар-намыс” партиясынын учурдагы төрагасы Эмил Алиевдин айтымында, шаар бийликтеринен ырасмий уруксат алынды. Арнамысчыларды колдоп бул митингге Социал-демокартиялык партиясынын өкүлдөрү да кошулушкан. Ошондой эле Талас, Ош, Нарын жана башка дубандардан, райондордон келген да өкүлдөр катышты.

Митингдин катышуучулары өз сөздөрүндө тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоого чакырып атышты. Бул акцияга “Илбирс”, Комволдук ноота комбинаты өңдүү ишканалардын жумушчулары да келишкен. Алар мындай саясий нааразылык чаралар, мамлекеттик чиновниктерди же депутаттарды кетирүү талаптары өндүрүшчүлөрдү алаксытат деген ойлорун айтышты:

- Биздин фабрикага өкмөт үйү да, борбордук аянт да жакын. Анан пикет башталса эле биздин иш токтоп калып атат. Башаламандык болуп кетеби деп чочулап турабыз. Революция болбодубу, эми пикеттерди токтотушса жакшы болот эле. Премьер-министр деген иштеп атат, анын отставкасынын кимге кереги бар?! Саясий ураандардын заманы өттү, андан көрө бизге окшогон ишканаларга жардам бергиле деп айталы дегенбиз, - деди “Илбирс” фабрикасынын жумушчусу Айпери Султанбекова.

Митингде чыгып сүйлөгөндөр Бакиев-Кулов тандемин колдой тургандыктарын билдирип, үчүнчү бир кызыкдар күчтөргө учурдан пайдаланып кетүүгө жол берилбесин деген ойлорун айтып жатышты. Арнамысчылар болсо Кулов-Бакиев тандемине жолтоо болууга ар кандай аракеттер болуп жатат деген ойлорун айтышты:

- Мурунку бийликтен калган айрым күчтөр бул тандемиди жок кылууга аракет жасап, бизге тоскоолдуктарды жасап атышат. Азыр биз бул тандемдин бузулушуна жол бербешибиз керек. Бул тандемдин ажырап калышы Кыргызстан үчүн коркунучтуу, - дейт Эмил Алиев.

Митингге башкалаанын орус тилдүү тургундары да катышты. Алардын бири 73 жаштагы Алветина Колесникова Кыргызстанда ушунча жыл жашап, мынчалык кооптуу кырдаалды көргөн эмесмин дейт:

- Мен ушул жерде 73 жылдан бери жашайм. Кыргызстанда эч качан мындай башаламандык болгон эмес. Ушунун баарына карап туруш кандай оор жана кейиштүү. Канчага чейин бул созулат. Келгиле чогуу биргелешип, коррупция менен мафияга каршы күрөшөлү жана бизге үстөмдүк кылышына жол бербейли.

Бишкек шаарынын тургуну Ишенбек Абдрасулов эч бир саясий партияга тиешеси жок болсо да, бүгүн жүрөгү чыдабай элге кайрылганы келиптир. Ал бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууда карылар жардам берсек деген тилегин билдирди:

- Карылар, айланайын карылар! Бул кырдаалга биз аралашып, бир сөзгө келиши үчүн ортомчу бололу. Биз го жашачубузду жашадык. Мобул жаштардын келечеги эмне болот?! Өтө коркунучтуу кырдаал болуп турат. Кары-картаңдар биз да акылыбызды кошолу.

Арнамысчылар Феликс Кулов кетсин деген деген талап токтомоюнча митингди уланта берээрин билдиришти.

Ушул эле күнү маркум депутат Тынычбек Акматбаевдин таракерлери парламенттин алдында пикетти улантышты. Парламент алдына тигилген тогуз боз үйдүн жанында 300дөй адам жүрдү. Алар премьер-министр отставкага кетмейин парламенттин алдынан кетпейбиз деген сөзүнөн кайтыша элек. Маселен, нааразылык чаранын бир катышуучусу буларды айтты:

- Бир эмес үч адам өлүп атат. Феликс Кулов кетмейин биз да эч жакка кетпейбиз. Үч адамдын өмүрү оюнчук эмес. Демократиялуу өлкөлөрдө өлүм эмес, бир болбогон акча боюнча чыр болсо дароо кетип атат. Анан эмне үчүн бул отурушу керек.

Алар жакынкы күндөрү боло турган президент Курманбек Бакиев менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жаткандарын айтышууда.
XS
SM
MD
LG