Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

Юстиция министрлиги “Бител” компаниясы боюча буйрукту жокко чыгарды


БИШКЕК. «Бител» компаниясын орусиялык “Спецмонтажстрой” аттуу фирмага өткөрүү тууралуу чыгарылган буйрукка кызматтан алынган адам тарабынан кол коюлгандыктан Юстиция министрлиги аны жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган министрликтин мамлекеттик регистрациялар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Адыл Эстебесов маалымды. 25-октябрда эртең менен Орусиянын «Спецмонтажстрой» ишканасынын өкүлдөрү «Бител» компаниясынын Бишкектеги башкы кеңсесин ээлеп алууга аракет жасаган. Учурда "Бител" казакстандык “Альянс-Капитал” компаниясына таандык. Ошол эле мезгилде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан буга чейин аталган компаниянын 100% акциясын сатууга тыю салынган. Ал эми 19-октябарда юстиция министринин орун басары Эмил Орозбаев «Бител» компаниясын орусиялык “Спецмонтажстрой” аттуу фирмага өткөрүү тууралуу буйрукка кол койгон. Ушул эле күнү Эмил Орозбаев «Азаттыктын» кабарчысына ал мындай буйрукка 19-октябрда кол койгондугун жана ал кызматтан 20-октябрда алынгандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG