Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

Кыргыз өкмөтү Пакистанга жардам берет


БИШКЕК. Өкмөт башчы Феликс Кулов мындан бир нече күн илгери жер титирөөдөн жабыр тарткан Пакистан өлкөсүнө жардам берүүнү уюштуруу боюча буйрукка кол койду. Токтомго ылайык, гуманитардык жардамды чогултуп, аны Пакистанга жеткирүү милдети өлкөнүн Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигине тапшырылды. Ошондой эле Экономика жана каржы министрлигине чогултулган жардамды Пакистанга жеткирүү үчүн каражат бөлүү милдети жүктөлдү. Пакистанда болгон жер титирөөдөн 50 миңден ашуун адам каза болуп, 3 миллиондон ашуун адам үй-жайсыз калган.

XS
SM
MD
LG