Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

ПАКИСТАН 550 МИЛЛИОН ДОЛЛАРЛЫК ЖАРДАМГА МУКТАЖ


Улуттар уюму Пакистанга чукул жардам көрсөтүлбөсө, жер титирөөдөн жараат алган, үй-жайсыз калган дагы миңдеген кишилер өлүмгө учурашы мүмкүн деп эскертүүдө. 26-октябрь күнү Женевада чогулган жыйында Пакистанга жардам көрсөтүү маселеси талкууланмакчы. Улуттар уюмунун Азык-түлүк программасы зилзаланын очогу – Кашмир чөлкөмүн беш жумадан кийин калың кар каптап, ал жердеги адамдарга тамак-аш жеткирүү кыйын болуп калат, деп билдирди.

Улуттар уюмунун гуманитардык жардам көрсөтүү агенттиктери күчтүү жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан Пакистанга башка өлкөлөр каражат жагынан жетиштүү жардам көрсөтпөй жатканына көңүл бурушууда. Каражат тартыштыгы, ага кошумча жер титирөөдөн бүлүнүп-кыйраган жолдор, Кашмир чөлкөмүн жакында каптай турган калың кар дагы он миңдеген курмандыктарды алып келиши мүмкүн, деп эскертет алар.

8-октябрда Пакистандын талаштуу Кашмир чөлкөмүн титиреткен зилзаладан бүгүнкү күнгө карата 53 миңден ашуун адам мерт болду, дагы 74 миңден ашуун киши жараат алышты, жарадарлардын көбүнө тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлө элек.

Улуттар уюмунун качкындар иштери боюнча комиссарлыгынын Исламабаддагы өкүлү Михал Звак Пакистанда азыр миллиондогон адамдар оор абалда калганын белгилейт:

- Биздин эл аралык коомчулуктан сураганыбыз азыр витамин “А”, же акча болуп атат. Буга чейин өзүбүздүн оперативдүү ресурстарды пайдаланып келдик, мындан ары анте албайбыз, анткени дүйнөнүн башка жеринде кырсык болуп калса даяр болушубуз керек. Ушу тапта Пакистан эл аралык коомчулуктун колдоосуна абдан муктаж болууда.

Өткөн жекшембиде Кашмирдин борбору Музафаррабадга барып келген Улуттар уюмунун өкүлү Рашид Халиков буларга токтолду:

- Техникалык жактан алганда, Пакистандагы жер титирөө - эл аралык коомчулук үчүн мурда болуп көрбөгөндөй өзгөчө кырдаал жаратты. Зилзаладан улам 800-900 миңдей киши баш калкалаар үйү жок калды, болжол менен 150 миңдей үй бүлө. Аларды суук түшкөнгө чейин жайгаштыруу – эң башкы максаттардын бири.

Улуттар уюму Женевадагы жыйын алдында билдиргендей, азыркыга дейре Пакистандагы жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюуга зарыл деп суралган 312 млн. доллардын үчтөн бири гана чогултулду. Адистер бирок кайра эсептеп чыгып, Улуттар уюму эми Пакистан баш-аягы 550 млн. доллардай жардамга муктаж экенин билдирди. Женевадагы жыйынга АКШ, Британия, Жапония баштаган 65 мамлекеттин өкүлдөрү катышып жатат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG