Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Тажикстан Кыргызстандан электр кубатын алууга кызыкдар


БИШКЕК. Тажикстан Кыргызстандан жылына бир миллиондон эки миллионго чейинки киловаттагы электр кубатын базар баасында сатып алууга даяр. Бул тууралуу ушул жумада Москвада өткөн Шанхай кызматташтык уюумунун жыйынынын алкагындагы кыргыз-тажик өкмөт башчыларынын жолугушуусунда Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов билдирген. Жолугушууда кыргыз өкмөтүнүн башчысы Феликс Кулов тажик тарапка талаш-тартыштуу эмес аймактарда чек ара тилкесин делимитациялоону тездетүү, Тажикстандын аймагы аркылуу өткөн темир жол каттамдары үчүн төлөмдү кыскартуу маселесин караштыруу тууралуу кайрылды. Тажик өкмөтүнүн башчысы бул маселелерди чечүү боюнча аракет көрүлөөрүн айтып, эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин жандантуу зарылдыгын белгилеген. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG