Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Сирия жетекчилиги Араб лигасынын шашылыш жыйынын өткөрүүнү сунуш кылууда


Сирия жетекчилиги кечээ күнү кечинде Араб Лигасынын шашылыш жыйынын өткөрүүнү сунуш кылды, бирок ал сунушту азырынча Алжир, Мисир, Ливан жана Сауд Арабия гана колдоду. Лиганын баш кеңсеси Каир шаарында жайгашат жана уюмдун баш катчысы Амр Муса өз өкүлүн Перс булуңундагы араб мамлекеттерине жиберди, алар жергиликтүү жетекчилер менен Сириянын сунушун талкуулайт. Кечээ күнү кечинде Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши атайын чечим кабыл алып, үстүбүздөгү жылдын февралында Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Хариринин өлтүрүлүшүнө Сириянын коопсуздук кызматы катышканын сынга алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG