Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:16

Жалалабат түрмөсүндөгүлөр да нааразылык билдиришти


ЖАЛАЛАБАТ. Жалалабат түрмөсүндөгүлөр эрте менен жарым сааттай терезе-эшиктерди каккылашып, түрмөнүн аянтында кыйкырып турушту. Алар №31 жаза өтөө мекемесине милициянын өзгөчө отрядын киргизбөөнү жана андагы кылмышкерлерге күч колдонбоону талап кылышты. Түрмөнүн айланасындагы жолдор автоунаалар жана милиция менен тосулду. Жаза өтөө мекемесиндегилерди жумушсуздук кыйноодо. Аларга күнүнө 21-22 сомдук тамак-аш берилет. 70 адам кургак учук кесели менен оорууда. Мындай маалымат түрмөнүн башчысы Мейликозу Маматалиевден алынды. Анын билдирүүсүнө караганда, түрмөнүн администрациясы жаза өтөө мекемелеринин башкармасынын сунушу боюнча түнкү саат төрттөн кийин имараттан чыгарылган. Түрмөдөгү оорулуу айыпкерге жардам берилбегендиги жана жаза өтөө мекемесинен качкандар жөнүндөгү маалыматар чындыкка дал келбейт. Мунапыс мыйзамына ылайык, 300 киши түрмөдөн бошотулууга тийиш. Буга чейин соттун чечими боюнча эркиндикке чыгуу жеңилдиги каралган 60 айыпкер түрмөдөн чыккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG