Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

Жалалабадда да орозо айт белгиленди


ЖАЛАЛАБАТ. Жалалабат шаарындагы башкы мечитте бул күнү 6 миңге жакын адам орозо айт намазына жыгылды. Алар Кудайдан 30 күндүк орозосун кабыл алууну суранышып, өлгөндөрдүн арбагына багыштап куран окушту. Күнөөлөрүн кечирүү жана бардык мусулмандардын тынч өнүгүүсүн, дүйнөдө тынчтык өкүм сүрүп, согуш болбоосун каалашты. Орозо айты менен бири-бирин куттуктап, кайыр сураган бей-бечара, жетим-жесирлерге садага беришти. Орозо айт намазы облустун район, шаардык мечиттеринде жана 379 айыл өкмөттөрүндө өттү. Мындай маалымат облустук казияттан алынды. Маалыматка караганда, облуста 447 мечит бар. Калктын 90 пайыздан ашыгы ислам динине ишенет. Бирок чет элдик миссионерлер дин жагынан түшүнүгү жок жумушсуз жаштарды христиан динине тартууга аракет кылууда. Облуста ислам уюмдарынан тышкары христиан, баптист, евангелист, жетинчи күндүн адвентисттери, лютеран сыяктуу диний коомдордун өкүлдөрү бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG