Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Азиз Батукаев менен кошо кармалгандардын туугандары нааразылык билдиришти


БИШКЕК. 4-ноябрда кылмыш дүйнөсүнүн “авторитети” делген Азиз Батукаев жана аны менен кошо кармалып келген айыпкерлердин 50гө чукул жакындары Коопсуздук кызматынын имаратынын жанына нааразылык билдирип чыгышты. Алар камактагылардын туугандары тууралуу басма сөз каражаттары туура эмес маалымат берип жатканына нааразы болушуп, 1-ноябрда №31 колонияда болгон окуя боюнча так, ачык айтып берүүнү жана бир нече күн мурда түрмөгө жакындарына жолугушканы келген эки аял жана бир кичинекей баланын дайынсыз жоголгонун айтышып, бийликтен тез аранын ичинде аларды таап берүүнү талап кылышты. Эгерде алардын талабы аткарылбаса, жогорку бийликтин үстүнөн эл аралык сотко арыз жолдошо тургандыктарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG