Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:59

“САРЫ АЛТЫНДЫН” САНААСЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ноокат Ноокат районунун дыйкандары өстүрүп жыйнап алган тамекилерин учурда сатып өткөрө албай кыйналышууда. Алардын айтымында, тамекинин баасын көтөрүүгө жана чет өлкөгө экспорттоого өкмөт тиешелүү деңгээлде көңүл бурбай жатат.

Акыркы үч жыл аралыгында тамекинин жергиликтүү баасы эки эсе төмөндөгөн. Натыйжада дыйкандардын бул тармака болгон кызыгуусу начарлагандыктан улам “сары алтындын” мекени болгон Ноокатта тамеки аянттары мындан он жыл мурункуга салыштырмалуу беш эсеге кыскарган. Өткөн жылы тамекинин баасы төмөн түшүп кеткенине тынчсызданышкан дыйкандар быйыл өстүрүп жыйнап алган тамекисин арзан баада да сатып өткөрө албай убара болушууда:

- Былтыр бир аз жакшы болгон экен, арзан болсо дагы “Дайман” деген фирма тамекини алган. Быйыл тамекиге кызыккан эч ким жок. Дыйкандардын 5-6 баласы менен тамекиде иштеп кыйналганына, сатарга келгенде эч ким көңүл бурбай атат, – дейт Ноокаттагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн тургуну Сражидин Калдаров.

Ноокаттык дыйкандардын айтымында, жылда алардан арзан да болсо тамекини сатып алып турган ортомчу фирмалар быйыл андай иш аракеттерин дээрлик токтотуп салган. Жоюлуп кеткен аталган мекемелердин айрым өкүлдөрү өз иш аракеттерин тамеки соодасынын өзүн-өзү актабай калгандыгы менен байланыштырышууда. Жергиликтүү дыйкан Сражидин Калдаров абалды жакында жөнгө салабыз деп убада берип кеткен айрым өкмөт мүчөлөрүнөн алигиче жооп жок болуп жаткандыгына токтолду:

- Буга кызыккан эч кандай адам жок. Өткөндө министр Акылбек Жапаров келген экен, бул киши деле эч нерсени чечип бербей эле кетиптир. Булардын турмушу кандай болот эми. Бир жыл тамекини кармап турса, эч ким албаса, ачка калгандай эле болуп турат.

Жергиликтүү талдоочу Манас Осмонов тамекини сатып алуучу ортомчу фирмалар дыйкандардын тамекисин арзан баада сатып алуу үчүн атайылап тамекини кабыл алууну кечеңдетип жатышы мүмкүн деген оюн ортого салды:

- Өкмөт жардам бербегендиктен жылдан жылга тамеки аянттары кичирейип жатат. Экинчиден, ортодо кызыл кулактык кылган монополисттик фирмалардын кесепети. Үчүнчүдөн, азыркыдай көрүнүш фирмалар тамекини мүмкүн болушунча ылдый чаап, арзандатууга аракет жасап, санын, сапатын айткандан улам болуп атат го деп ойлойм.
XS
SM
MD
LG