Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Айжан Шаботоева, Бишкек. Узап бараткан аптада Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди. Жазуучу Казат Акматовдун “Архат” аттуу китебинин бет ачары болду. Кыргыз Республикасынын эл артисти Бообек Ибраевди эскерүү кечеси өттү.

Аптанын шаршембисинде А. Малдыбаев атындагы улуттук опера-балет театрында маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди. Ага өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген маданият кызматкерлери катышты. Майрамдык салтанатты маданият министри Султан Раев ачты. Андан соң мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов куттуктап, бир катар өнөр адамдарына мамлекеттик наамдарды жана сыйлыктарды тапшырды.

Салтанатта “Кыргыз маданияты жана маданият жылдыздары” деген жаңы тартылган даректүү тасма көргөзүлүп, маданият ишмерлеринин эмгек жолун чагылдырган көргөзмө уюштурулду. Кечени ошондой эле театралдаштырылган оюн-зоок жана искусство чеберлеринин концерти коштоду.

***

Бейшембиде Т. Абдымомунов атындагы кыргыз академиялык драма театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти, маркум Бообек Ибраевди эскерүү кечеси өттү. Кечеге режиссердун чогуу иштешкен кесиптештери, шакирттери, жана өнөр адамдары келишти. Эскерүү кечеси “Курманжан датка” спектакли менен коштолду.

***

Жума күнү жазуучу Казат Акматовдун “Архат” аттуу китебинин бет ачары болду. Үч китептен турган бул романдын биринчи китеби жарыкка чыгып, экинчиси жакынкы күндөрү басмадан чыгаардын алдында турат. Реалдуу турмуш, мистика, метафизикалык философия менен ширелишип жазылган бул роман кыргыз баласынын Тибеттеги табышмактуу, көп сырдуу тагдырын сүрөттөйт. Чыгарманын автору Казат Акматов роман тууралуу мындай деди:

- Биз ар бирибиз адилеттик үчүн күрөшүшүбүз керек. Ошондо гана биз жер үстүндө бактылуу жашай алабыз. Антпесек өзүбүз дагы, элди дагы трагедияга туш кылабыз. Мына ушундай ойду окурмандарга айткым келди.

***

Учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын чечими менен кыргыз музыкасынын жана обондуу ырларынын декадасы өтүүдө. Аталган комиссиянын орун басары Ташбоо Жумагуловдун айтымында, мындай иш чара угуучулардын талабы боюнча өткөрүлүүдө:

- Бизге келген каттарга жана телефон чалууларга караганда, базарларда, кафелерде жалаң эле арабдардын, түрк элинин, европанын ырлары жаңырат. Автоунаага түшсөң да башка улуттардын музыкалары коюлат. Эмне үчүн кыргыз музыкалары ойнолбойт. Жетимиш пайыз эл болгондон кийин эмне үчүн ошого ылайыкташпайбыз деген суроолор болгондон кийин улуттук комиссия ушундай чечкиндүү чечим кабыл алып, он күндүк жарыяладык.

Кыргыз музыкасынын жана ырларынын күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлүүдө. Тил комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, жума күнү Токмокто кыргыз ырларынын фестивалы болуп өттү. Ал эми декаданын жыйынтыгы 17-ноябрда чыгарылмакчы.
XS
SM
MD
LG