Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

ФРАНЦИЯДАГЫ ОКУЯГА СОЦИАЛДЫК ТЕҢСИЗДИК СЕБЕП БОЛДУБУ?


Он күндөн ашуун убакыттан бери Францияда болуп жаткан тополоң кыргызстандыктардын да тынчсыздануусун туудурууда. Азырынча, тополоңдон кыргыз жарандары жабыркаганы тууралуу маалымат жок. Ал эми кыргызстандык айрым саясатчылар Батыш Европада болуп жаткан бул тополоңду социалдык жарылуу катары баалап жатышат.

Францияда окуп жана иштеп жатышкан кыргыз жарандары аркылуу түзүлгөн «Кыргызфорум» интернет барагынын маалыматы боюнча, Франциянын бир нече шаарларын каптап, жашоочулардын тынчын алып жаткан тополоңдон жабыркаган кыргыз жарандары жок. Бирок алар бул толкун башка мамлекеттерди, анын ичинде Дания жана Бельгияны да каптап жатканына тынчсыздануусун билдиришкен.

Батыш Европада күч алып жаткан бул тополоңдун келип чыгуу себептери тууралуу Кыргызстандык иликтөөчүлөр түрдүү пикирлерин билдиришүүдө. Көп улуттун өкүлдөрү жашаган жана башка мамлекеттерден келген мигранттар арбын болгон өлкөлөрдө тынчтыкты жана бейпилдикти сактоо үчүн мамлекет эң алды элди жумуш менен камсыздашы керек. Мындай пикирин саясий ишмер Медеткан Шеримкулов билдирди. Анын айтымында, Францияда болуп жаткан тополоңдун катышуучуларынын арасында теги африкалыктардан башка франциялык жаштардын да бар болуп жаткандыгы, эң алгач жумушсуздукту билдирет:

-Тополоң кылып жаткандардын баары эле Африка өлкөлөрүнөн келгендер эмес, француз жарандары да бар болуп атпайбы. Мунун баары жумушсуздуктан. Маселе ушунда турат. Жаштардын арасында 20-30% жумушсуздук болгон соң, ал баары бир тартип бузууга, укук бузуугу алып барат. Бул Францияга эле эмес, бүт бардык эле өлкөлөргө тиешелүү.

Медеткан мырза тополоңду күч колдонуп басууга аракет жасап, Франция бийлиги ката кетирип жатат деген пикирин айтты:

-Тополоңдун басаңдабай, тескерисинче күч алып кетүүсүнө Франциянын өзүнүн өкмөтүнүн да күнөөсү бар. Алсак, ички иштер министри тополоңчулардын атына туура эмес сөздөрдү айтып, улуттук аң-сезимин козгоп, кемсинткени жана бул маселени күч колдонуу менен гана басууга аракет жасайбыз дегендери туура эмес. Бул маселени чечүү жалаң эле күч колдонуу менен чечилбейт. Алар ушуга көңүл буруусу керек.

Өнүккөн өлкөлөрдө мындай тополоңдор болуусунун алдын алуу үчүн, эң алгач элдин жашоо-турмушун оңдоого аракет жасалуу керек деген пикирди дагы бир саясатчы Бегиш Ааматов билдирди. Анын айтымында, мындай социалдык жарылуу дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө да жайылып кетүүсү мүмкүн:

-Бул социалдык теңсиздиктен келип чыкты. Мындан тышкары расалык жана диний дискриминациялар себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан, мындай тополоңдорду болтурбоо үчүн мамлекет элди жумуш менен камсыздап, рыноктук негиздеги, адамдардын укугун жана жашоо абалын жакшыртууга багытталган коомду курууша тийиш.

Франциядагы мындай тополоңдун кесепетинен мындан ары өнүккөн өлкөлөр өз аймагына сырттан мигранттардын келүүсүнө тыюу салуусу мүмкүн экендигин билдирип, тынчсызданган пикирлер да болду. Бирок биз сөзгө тарткан серепчилер буга макул болушкан жок. Саясатчы Бегиш Ааматовдун айтымында, темир парда тартуу менен эле мындай козголоңдордун алдын алууга мүмкүн эмес:

- Сырттан мигранттар кирбеген СССРди өз учурунда «темир парда» деп күнөөлөп жүрүшкөн. Эми Европага темир парда тартмак беле? Андай болуусу мүмкүн эмес. Бизге дүйнөлүк масштабдагы жакшы бир коом жетишпейт.

«Франспресс» агенттигинин маалыматы боюнча, тополоңдун чыгышына 27-октябрь күнү Париждин жанындагы Клиши шаарында токко урунуп өлгөн эки өспүрүмдүн өлүмү себеп болгон.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG