Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

Карабуурада кайрадан төө буурчак чыры


ТАЛАС. 9-ноябрь күнү Карабуура районунун жүзгө жакын дыйкандары төө буурчактын баасы төмөн болуп жаткандыгына нааразычылык билдиришип, райондун борборуна чогулушту. Алардын нааразычылыгынын жаралышына “Робин” фирмасынын алдында түзүлгөн Талас айыл чарба кооперативи башка фирмаларды кудуретсиз абалга жеткирүү үчүн төө буурчактын баасынын бир килограммын 30 сомго көтөрүп кабыл алып, атаандаш фирмалар кабыл алуусун аргасыз токтоткон соң, бааны кайра төмөндөтүп койгондугу негизги себеп болгон. Дыйкандар бийлик жана “Робин” фирмасынын өкүлдөрүнө эгерде алар Таласка келип жаткан башка фирмаларга ушундай тоскоолдук келтирип, баанын эркин атаандашуусуна тоскоол келтире берсе түрк фирмасынын кабыл алуу пунктарын өрттөйбүз, анын өкүлдөрүн Таластан кууп чыгабыз деген талаптарын айтышты. Эскерте кетчү жагдай, быйыл таластык дыйкандар дээрлик 22 миң гектарга төө бурчак айдап, 48 миң тоннадан ашуун түшүм алышкан. Азырынча алынган түшүмдүн 4468 тоннасы гана Таластан сыртка экспортко чыгарылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG