Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Жерге муктаж адамдар кайрадан нааразылыкка чыгышты


БИШКЕК. Соңку сегиз айдан бери Бишкектин тегерегинен турак жай курууга жер ала албай жүргөн атуулдар 9-ноябрда Акүйдүн алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар жер алуу үчүн керектүү документтерди мындай бир нече ай илгери беришкендигин, бирок жергиликтүү бийлик шаардын тегерегиндеги жерди акчалууларга жең ичинен сатып жаткандыгын айтышты:

- Аткаруу бийлиги жерди акчалууларга он беш миң, жыйырма миң сомго жең ичинен сатышууда. Мындай көрүнүштөр Каражыгач, Учкун айылдарында орун алууда.

Наразылык иш чарасынын катышуучуларынын жогорудагыдай пикирин өкмөттүн алдындагы айылчарба бөлүмүнүн кызматкери Аскар Момбеков туура эмес деп, жокко чыгарды:

- Бул кишилердин бирөө да баланчаев баланчаевге сатты деп айта алышпайт. Мен аларга канча жолу ким кимг, качан, канча жер сатты, так аты жөнүн айткыла деп келем. Эч ким мага жооп бербе албай жатат. Ошондуктан алардын берген маалыматы жалган.

Аскар Момбеков жер алууну каалагандарга «Манас» аба майданына жакын Пригородный айыл өкмөтүнө караштуу Озерный алынан жер берели десе «жаман» деп албай жатышкандыгын маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG