Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:51

Казак оппозициясы саясатчынын өлүмүн ачык иликтөөнү талап кылууда


"Акыйкат Казакстан" коалициясы белгилүү оппозиция ишмеринин өлүмүн иликтөөгө чет элдик эксперттерди катыштырууга чакырды. Заманбек Нуркадиловдун үй-бүлөсүнүн адвокаты Серикали Мусин «Азаттыкка» Нуркадиловдун кандайча атылганын мындайча баяндады:

– Курмандыктын сол көкүрөгүнө эки ок кирген. Ок денесин тешип өтүп, ал отурган отургучтун жөлөнгүчүнө кадалган. Үчүнчү, "текшерүүчү" ок башына, оңдон солго атылган. Баш сөөктү тешип өткөн ок өлүктүн жанынан табылды. Ушул эле жерден жаздыкча табылды. Ал жаздыкта октон калган тешик бар экен. Ок атуу ошол жаздык аркылуу жасалган.

Алматы полициясынын башчысы Молдияр Орозалин Нуркадилов өкмөттү ачык сындаганы үчүн өлтүрүлдү, деген ырастоону четке какты. Бир кезде президенттин жакын шериги болгон Нуркадилов Алматы шаарын башкарып, мындан эки жыл мурда оппозицияга өтөөрдүн алдында өкмөттө министрлик кызматта болгон.

XS
SM
MD
LG