Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Газ боюнча келишимге кол коюлат


БИШКЕК. “Кыргызгаз” акционердик коомунун жетекчиси Игорь Чудинов эмки аптада Өзбекстанга газ боюнча келишимге кол коюуга барат. Өзбекстан быйыл Кыргызстанга 1700 миллион кубометр газ берүүгө макул болуп жатат. Бирок 2003-жылга чейин өзбек газынын миң кубометрин 42 долллардан алып келсек, Өзбекстан 2006-жылга бааны 55 долларга көтөрүп жатат. Азырынча Кыргызстан кандай баада сатып алаары анык боло элек. Мурдагы вице-премьер Базарбай Мамабетовдун айтымында, Кыргызстан үчүн 55 доллар кымбаттык кылат. Андыктан кыргыз өкмөтү өзбек бийлигин бааны түшүрүүгө көндүргөнү оң. “Бирок Өзбекстан бизге газды 42 доллардан берип атканда эле газдын дүйнөлүк баасы 85 доллар болчу, азыр дүйнөлүк рынокто да баа өстү”, - дейт Базарбай Мамбетов.

XS
SM
MD
LG