Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

ИРАКТА КЫЯНАТЧЫЛЫК УЛАНУУДА


Иракта кыянатчыл окуялар уланууда. Жума күндөн бери эле кол салуулар жана жардыруулардан 140тан ашуун киши өмүрүнөн айрылды. Ондогондору жаракат алды.

Жекшемби күндүн хроникасына кайрылсак, эртең менен башкаала Багдаддын чыгыш бөлүгүндө, полиция бекетине жакын жердеги жолдо автоунаа жарылган. Жергиликтүү полициянын жардырууга күбө болгон кызматкери буларды билдирди:

- Биз бул жерде эки машина менен күзөттө турганбыз. Адегенде эмне болгонун түшүнгөн жокпуз, күчтүү жарылуунун үнүн гана уктук. Андан соң автоунаа өрттөнүп жатканын көрдүк. Кудайга шүгүр, эч ким каза тапкан жок, жаракат алгандар гана бар.

Полициянын айтымында, жардыруудан беш киши жаракат алган. Бул - соңку күндөрү Иракта орун алган кыянатчыл окуялардын эң эле жеңили.

Жекшемби күнү түшкөн кабарларга караганда, Багдаддан 65 чакырым түштүк тарапта жайгашкан Машруа шаарында америкалык аскерлердин казармасына жакын турган турак үйлөрдүн бири минемоттон атылып, бир үй-бүлөдөн төрт адам, анын ичинде үч жаш бала мерт болгон.

Ушул эле күнү Эл-Хадита шаарында америкалык, ирактык жоокерлердин биргелешкен күзөтү буктурмага кабылып, урушта 15 жөн-жай адам, 8 козголоңчу, бир америкалык аскер окко учту. Дагы бир америкалык аскер Багдаддын түндүгүндө күзөттө жүргөн жеринен ок жеди. Башкааладан 25 чакырымдай батыш тарапта болсо күзөттө жүргөн жеринен жолго коюлган минага кабылып, үч ирактык жоокер өмүрүнөн айрылды. Түштүктөгү Басра шаарында, британ коргоо министрлиги билдиргендей, ушундай эле кырсыктан алардын бир жоокери каза тапкан. Ал эми ишембиде өлкөнүн түндүгүндө минага кабылып, америкалык алты жоокер мерт болгон эле.

Айтор өткөн жума күндөн берки кол салуулар менен жардыруулардан Иракта 140тан ашуун адамдын өмүрү кыйылды, ондогондору жаракат алды.

Ишембиде жанкечти өзү айдаган автоунааны Багдаддан 65 чакырым алыстыктагы Абу Сайда деген жерде, жергиликтүү шийит ишмерин акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү учурунда жардырып жиберген. Анын алдында, жума күнү намаз учурунда эки жанкечти шийиттерге караштуу мечиттерди жардырышкан эле. Терроризм маселесине адистешкен айрым эксперттердин көз карашында, мечиттерде жана акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү учурунда жасалган жардыруулар Ирактын диний, улуттук тайпалары: сунниттер жана учурда бийликте үстөмдүк кылган шийиттер менен күрддөр ортосундагы ажырымды күчөтүүнү максат кылгандай.

Адатта Иракта тирешүү шайлоолор алдында күчөп кетет. 15-декабрда бул жерде парламенттик шайлоо белгиленген. Буга чейинки шайлоолорду тынч өткөрүү максатында кеңири масштабдагы коопсуздук чаралары көрүлгөн эле. АКШнын жана Ирактын бийликтери алдыдагы шайлоого өлкөдө азчылыкты түзгөн сунниттер активдүү катышарына үмүттөнөрүн айтышууда. Саддам Хусеиндин режими кулагандан берки шайлоолорду сунниттер негизинен бойкоттоп келе жатышат.

Мунун аралыгында Каирде улуттук элдешүү конференциясын даярдоо максатында Ирактын саясий , улуттук жана диний тайпаларынын лидерлеринин жолугушуусу өтүүдө. Ага катышып жаткан шийит жана күрд саясатчылары карапайым адамдар менен жаш балдардын өмүрүн кыйган соңку терракттарды кескин айыпташты. Ал эми суннит саясатчыларынын пикиринде, кыянатчылыктардын түпкү себеби - Иракты америкалык аскерлердин оккупациялоосунда жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG