Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

ИРАНДЫН ӨЗӨКТҮК ИЗИЛДӨӨЛӨРҮ АЙЛАНАСЫНДАГЫ МАСЕЛЕЛЕР


Нарын АЙЫП, Прага Иран парламенти 20-ноябрда атайын чечим кабыл алып, эгер Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик Иран маселесин Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде талкууланууга жибере турган болсо, анда агенттиктин текшерүүчүлөрүнүн Иранга келишине тыюу салынууга тийиш деп чечти. Агенттик маселени 24-ноябрда караш керек.

Америка Кошмо Штаттарынын айтымында, Иран өзүнүн өзөктүк программаларын токтотууга тийиш, анткени андай изилдөөлөр өзөктүк курал чыгарууга алып келиши мүмкүн. Тегерандын айтымында, анын аймагында өткөрүлүп жаткан изилдөөлөр курал өндүрүүнү көздөбөйт, Иранга жөн гана кубаттын жаңы булактары керек.

Тегеранга каршы катуу чара көрүүнү сунуштаган АКШнын турумун акыркы мезгилге чейин Батыш европалык мамлекеттер колдобой келген жана Тегеран менен акыркы эки жылда бир нече сүйлөшүү жүргүзгөн. Иран менен өткөрүлгөн андай сүйлөшүүлөргө Алмания, Британия жана Франциянын өкүлдөрү катышкан жана мындан бир жыл мурда Иран өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн убактылуу токтотууга макул болгон.

Ага жооп катары европалык мамлекеттер Тегеранга бир топ соода жеңилдик берип, башка да жардам көрсөтүүнү убада кылган жана андай сунуш үстүбүздөгү жылдын 1-августуна чейин жасалууга тийиш болчу. Бирок европалык мамлекеттер расми сунушту кечигип жасаганынан пайдаланып, Иран өзүнүн Исфахан шаарындагы өзөктүк ишканасын кайрадан ишке киргизди жана ал эл аралык инспекторлордун көзөмөлү алдында иштей баштады.

Вашингтон болсо - маселе эми Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде каралууга тийиш деп айтууда, андай талкуунун жыйынтыгында Иранга каршы эл аралык чектөө киргизилиши мүмкүн. Кошуна Иракка каршы аракеттер дагы ушундай ыкма менен өнүккөн. Агенттик эми абалды 24-ноябрда караш керек жана ага төрт күн калганда Иран парламенти атайын чечим кабыл алып, эгер маселе Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин күн тартибине киргизилсе, анда өкмөт эл аралык текшерүүчүлөрдүн Иран аймагында иштешине тыюу салууга тийиш деп чечти.

Маселе курчуган сыяктуу, бирок Стокголм университетинин профессору Саид Махмудинин айтымында, Иран парламенти кабыл алган чечимди жөн гана агенттикке жиберилип жаткан белги катары баалаш керек:

- Депутаттар жөн гана ыктыярдуу аракеттерди токтотууну сунуш кылды, бирок өкмөттөн - мындан ары Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимдин чегинде аракеттенүүнү сурады. Ага чейин болсо андан да катуу чаралар сунушталып келген - эгер маселе Коопсуздук Кеңешинин кароосуна коюлса, анда Эл аралык келишимден чыгып кетиш керек деп да айтылган. Азыркы учурда Ирандын консервативдүү саясатчылары дагы - ишти ал Келишимдин чегинде жүргүзүү керек деген пикирде.

Келишим боюнча эч кимге өзөктүк изилдөө өткөрүүгө тыюу салынбайт, бирок атом куралына ээ эмес мамлекеттер андай курал өндүрүүнү көздөбөш керек. Келишимдин атайын ыктыярдуу протоколу боюнча болсо, Өзөктүк агенттиктин инспекторлору кайсы бир мамлекеттерге күтүүсүз текшерүүлөр менен келиши мүмкүн. Иран ал протколго дагы кошулган жана азыр - ошондой ыктыярдуу аракеттерден баш тартышы мүмкүн деп билдирүүдө, андай болбош үчүн болсо Агенттик маселени Бириккен Улуттарга жибербеш керек.

Экинчи жагынан, 24-мартта Вена шаарында өтө турган жыйынга Кытай менен Орусиянын да өкүлдөрү катышат, алар болсо Иран маселесинин Коопсуздук Кеңешинде каралышына каршы.

XS
SM
MD
LG