Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

ЧЕЧЕНСТАН ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО АЛДЫНДА


Төрөкул Дооров, Москва Ушул жекшембиде, 27-ноябрда Чеченстанда парламенттик шайлоо өтөт. Республиканын парламентиндеги 58 орун үчүн 351 талапкер ат салышмакчы. Жергиликтүү бийликтердин ишениминде, республика парламенттик шайлоого даяр. Добуш берүү күнү республикада коопсуздукту камсыз кылуу ишине тартылуучу аскерлер менен милиция кызматкерлеринин саны 24 миңден кем болбой турганы кабарланды. Анткен менен террор актылары болуу коркунучу да жок эмес.

Орусияда азыркы тапта өзүнүн эли тарабынан шайланган парламенти жок жалгыз регион бар, бул – Чечен Республикасы.

Орусиянын бул субъектинде былтыры августта президенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгында президенттик кызматка Кремль колдогон талапкер - мурдагы ички иштер министри Алу Алханов келди, анткени анда күчтүү атаандаштары болбоду.

Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы жана бир катар башка эларалык уюмдар Чеченстанда ушул жекшембиге белгиленген парламенттик шайлоо ачык жана таза өтсө, бул чечен кризисинин чечилишине жасалган илгери кадам болмок дешет. Бирок Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Александр Вешняковдун айтымында, Европа Кеңеши бул шайлоодо эларалык байкоочу катарында катышуудан баш тартты. Шайлоого өздөрүнүн байкоочуларын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму да жибербей турганын билдирген. Мунун себебин уюм шайлоону жалпы элдик эмес, регионалдык деңгээлдеги гана иш-чара деп эсептей тургандыгы менен түшүндүргөн.

Александр Вешняковдун айтымында, добуш берүүгө көз салуучу жергиликтүү байкоочулардын саны эле миңге жакын болушу күтүлөт:

- Алдын ала маалыматтар боюнча, Араб мамлекеттеринин Лигасы, КМШ, Ислам конференциясы өңдүү бир катар уюмдардын 10го жакын өкүлү байкоочу катарында катышуу ниетин билдиришти. Ал эми партиялардын жана бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин байкоочуларынын саны бир миңдей адамга жетет.

Чечен парламенти Республика Кеңешинен жана Улуттук Кеңештен турмакчы. Республикалык Кеңеште 18, ал эми Улуттук Кеңеште 40 депутаттык орун бар. Экөө биригип, 58 депутат парламентке шайланышы керек. Шайлоого жалпысынан 8 партия өз талапкерлерин көрсөттү.

Чеченстандын Шайлоо комиссиясынын төрагасы Исмаил Байхановдун кабарына ылайык, добуш берүү жараянына 600 миңдей шайлоочу катышат. Алар үчүн республика боюнча 430 шайлоо чөлкөмү иштемекчи.

Чеченстан бийликтери үчүн жекшембиде өтчү шайлоодо башкы максат – добуш берүү жараяны тынч өтүшүн камсыз кылуу. Анткени соңку күндөрү жекшембиге карата бир катар террор актылары даярдалып жаткандыгы тууралуу кабар таркай баштады.

Республиканын ички иштер министри Руслан Алханов шейшембиде билдиргендей, өткөн жекшембиде Кошкелди кыштагында чечен жикчилеринин өкүлү Рашид Асхабовдун адамдары менен атышуу болуп, анда Асхабов өлтүрүлгөн. Ал эми анын жеке архивинен табылган материалдарда 27-ноябрга белгиленген шайлоо учурунда кайсыл жерлерде терракт уюштурула тургандыгы тууралуу пландар табылган:

- Тындым кылынган бандиттин буюмдары ичинен шайлоо чөлкөмдөрүнүн схемасы табылды. Муну пайдаланып, алар шайлоо күнү теракт уюштурууну каалашкан. Бирок биздин оперативдүү кызмат алардын бул кара ниетин болтурган жок.

Орус президентинин Түштүк Федералдык округ боюнча атайын өкүлү Дмитрий Козак шейшембиде Чеченстандын баш каласы Грозныйда өлкө жетекчилиги менен атайын жыйын өткөрдү. Анда Козак республика жетекчилиги жана Түндүк Кавказдагы биргелешкен аскерий топтор атуулдарга коркпой шайлоо чөлкөмдөрүнө келип, аман-эсен добуш беришине баардык шарттарды түзүшү абзел деди.

Анткен менен Чеченстанда парламенттик шайлоодон кийин кырдаал жакшырат, деген ишеним көпчүлүк орусиялыктарда жок. Юрий Леваданын аналитикалык борбору ушул айда бир нече региондордо өткөргөн сурамжылоонун жыйынтыгынан улам ушундай тыянак чыгарды. Суралгандардын 43 пайызы республикада шайлоодон кийин эч кандай өзгөрүү болбойт, деп жооп беришкен. Ал эми 16 пайызы кырдаал жакшырат десе, 15 пайызы, тетирисинче, абал андан бетер начарлап кетет, деп жооп беришти.

XS
SM
MD
LG