Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:50

23-ноябрда өзбекстандык укук коргоочулар Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында пикет өткөрүп, Европарламентке жана Германия парламентине төрт талап койгон кайрылуу жолдошту. Төрт журналист жана бир укук коргоочу кол койгон бул кайрылууда Европа Биримдиги Өзбекстандын расмий өкүлдөрүнө карата берген санкциянын аткарылбай жатышына түшүндүрмө берүү талабы коюлган.

Европа Биримдигинин курамындагы өлкөлөргө каттоосуна тыюу салынган өзбекстандык 12 расмий жетекчинин бири Закир Алматов октябрь айынан бери Германиянын Ганновер шаарындагы нейрохирургия боюнча эл аралык институтта дарыланып жатат. Бул факт укук коргоочулардын нааразылыгын жаратууда. Анткени, Европа Биримдиги жогорудагыдай санкцияны Анжиян окуясына байланыштуу октябрь айында кабыл алган жана тизмеге ички иштер министри Закир Алматов баштаган күч бийлигинин 12 жетекчиси киргизилген.

Укук коргоочулардын баамында, Анжиян окуясында 3 миңден ашык адам набыт болгон. Кыргызстандагы Германия элчилигинин алдына пикетке чыккандар негизги айыпкерлердин бири саналган ички иштер министринин Германияга дарыланууга жол берилишинин себебин түшүндүрүүнү талап кылышты. Европарламентке жана Германия парламентине жолдонгон кайрылууда санкцияны так аткаруу, аны бузууга жол берген кызматкерди жазалоо, Анжиян окуясы боюнча көз карандысыз иликтөө жасап, айыптууларды Гаага сотуна жеткирүү талаптары коюлду. Маселен, өзбекстандык көз карандысыз журналист Кудурат Бабажанов пикетке чыгуу себебин минтип түшүндүрдү:

- Кызматкерлер Европага киргизилбеши керек эле. Ага карабастан, Алматовго виза берилип, дарыланып жатат ушул күндө. Биз ушу тизмеге кирген адамдардын дагы канчасы дарыланып, саякат жасап, өз иштерин бүтүрүп жатканын билбейбиз да. Ошондуктан, ушундай нааразылык билдирип жатабыз.

Журналист Толкун Караевдин оюнда, Алматовду жеке эле Анжиян окуясы үчүн күнөөлөө жетишсиз:

- Алматов жеке эле Анжиян окуясында эмес, укук коргоочуларга да ыдык көрсөткөн. Маселен, Өзбекстандын адам укугун коргоо коомунун Кашкадарыя облусу боюнча өкүлү Шаврик Рузумуратов ички иштер министрлигинин жер төлөсүндө өлтүрүлгөнү тууралуу малыматтар бар..

Бирок Толкун Караев укук коргоочулардын талаптары аткарылаарына ишенбестигин билдирди. Эгер укук коргоочулар менен журналисттердин талаптары аткарылбаса, кайталап пикетке чыгуу ою барын, анда Өзбекстандагы Германиянын аскерий базасын алып чыгып кетүү талабы коюлаарын укук коргоочу Хайт Кузиев билдирди:

- Талабым мындай болот: Өзбекстанда жайгашкан Сурхандарья облусунун Термез шаарында Германиянын аба-аскерий күчтөрү бар. Аба-аскерий күчтөрүн алып кетсин Германия. Германия канцлери, Германия парламенти ошо аскерий аба базасынан улам диктатор тарапта болуп жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар комиссарлыгынан качкын макамын алып, учурда Кыргызстанда убактылуу жашап жаткан өзбекстандык бул беш атуулдун нааразылык акциясы боюнча Германиянын Кыргызстандагы элчилиги эч кандай билдирүү жасаган жок. Ал эми Батыш маалымат каражаттарынын Германиянын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянып тараткан маалыматтарына караганда, Закир Алматовдун Германияда дарыланууга уруксат берилишине анын дарты себепчи болду. Нейрохирургия институту Алматовду жүлүнүндө рак илдети бар, деп тапкан.

Кыргызстандагы «Жарандык коом коррупцияга каршы» борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова өзбекстандык жарандардын талаптарын туура деп эсептеп, бирок Алматовдун Германия ооруканаларынын бирине түшүшүн билбестиктен болушу мүмкүн деп болжойт:

- Балким бул менчик виза алып, расмий жол менен эмес, ички иштер министри катары эмес, жөн эле оорулуу Алматов деген ат менен, граждандык жол менен барса керек.

Ал эми пикеттин уюштурулушуна колдоо көрсөткөн «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова Европа Биримдиги өңдүү абройлуу уюм өзүнүн аброюна шек келтиргидей мындай кадамга барбаш керек эле дейт. Анын көз карашында, Европа Биримдигине кирбеген өлкөлөрдүн катарында деле рак илдетинен дарылоого кудуреттүү медициналык борборлор арбын.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG