Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

Ташкенде газ боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө


БИШКЕК. “Кыргызгаз” акционердик коомунун жетекчиси Игорь Чудинов газ боюнча сүйлөшүүлөр үчүн 23-ноябрда Ташкенге барды. “Кыргызгаздын” жетекчисинин орун басары Абдымажит Маматсаидовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ушул сүйлөшүүлөрдө газдын баасы такталып, келишимге кол коюлат. Буга чейин Өзбекстандан газдын миң кубометрин 40 доллардан алып келсек, Өзбекстан 2006-жылдан тарта газдын баасын 55 долларга көтөрүп жатат. Бирок байкоочулардын баамында, бул баа кыргызстан үчүн кымбатыраак болуп калат. “Кыргызгаз” ишканасынын атын атабоону суранган кызматкеринин айтымында, кыргыз тарап бул баага макул болсо, анда ички керектөөчүлөр үчүн газ кышкысын 20 пайызга кымбатташы күтүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG