Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

БОСНИЯ ОН ЖЫЛДАН КИЙИН


Эл аралык коомчулук он жылдан бери Боснияда уникалдуу тажрыйбага катышууда: согуштан бүлүнүп, ич ара терең жиктелген үч улутту бирдиктүү жана өз бөгүн өзү бөктөгөн өлкөгө айлантуу үчүн аракет жасалып жатат. Бирок Дейтон келишимине ылайык, бул долбоорду жүзөгө ашырып жаткандар он жыл ичинде жетишилген натыйжалар пландалган мерчемден кыйла төмөн болуп чыкканын айтышууда. Андай болсо эл аралык коомчулук өзү Босния мамлекетин түзүү тажрыйбасынан эмне үйрөнүп, эмне билди? Бу тажрыйба башкалар үчүн сабак болуп бере алабы?

Волфанг Петрич эл аралык коомчулуктун Босния-Герцеговинадагы өкүлү болуп үч жылдай иштеди. Дейтон келишими бардык проблеманы чече албагандыгын ал да макул көрөт. Бирок бул баары бир Дейтондун тарыхый маанисин кемите албайт. Анын аркасында төрт жылга созулган согуш токтоду, келишимдин эң башкы жетишкендиги ушунда турат. Ошол эле учурда Петрич Дейтондо кабыл алынган документ өз киндигин өзү кескен, заманбап, европалык үлгүдөгү мамлекет түзүүнүн долбоору эместиги чын дейт.

Бир катар эксперттер автономдуу эки жамаатты улуттук чабал бир өкмөткө кошуп, эл аралык коомчулук чоң каталык кетирген дешет. Бу жерде алар хорваттар менен мусулмандар байырлаган Босния-Герцеговина федерациясын жана Сeрб республикасын эске алып жатышат. Ушуга жараша Дейтон келишиминде Босниянын үч өкүлдүү президенти аныкталган. Эгер алар ич ара ымала таап, иштеше албаса, аларды кызматтан алуу эл аралык өкүлдөргө табышталган.

Ушу шейшемби күнү Вашингтондо Дэйтон келишиминин он жылдыгына байланыштуу иш-чараларга катышып, Босниянын үч президенти тең өз улутташтарын борбордук өкмөткө бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантканга убада беришти.

Лондондо жайгашкан көз карандысыз консультациялык фирманын башчысы Кэйрн Росс президенттерге убадаларын ишке ашыруу кыйын болот деп эсептейт. Мындай биримдикке Босниядагы үч улуттун айрымачылыгы эң чоң каскак болуп жатат. Дейтондон бери эл аралык коомчулук ушул айрымачылыктын мизин мокотуп, аларды мамыр-жумур кылууну көздөп иштеп келатканына карабастан проблема дале чечилгистей абалда турат. Атүгүл маселе абдан чиеленип кетти, ошондуктан Босниядагы стратегия башкаларга өнөгө болуп берерине Росс ишенбейт. Бери эле дегенде улуттук жиктелүү күчтүү көрүнгөн жерлерде, мисалы, Косоводо, бул жакшы модел болору күмөн, дейт Росс.

Башка бир байкоочулар Боснияда он жыл ичинде кантсе да келечекке үмүттөндүргөн айрым өзгөрүштөр болгонун айтышат. Женевалык эксперт Жулиан Линдлей-Френч эл аралык коомчулук босниялыктарга жок эле дегенде биргелешип бир мамлекет куруунун келечектүү экенин ачык көрсөтүп берди деп эсептейт. Алар ошондой эле Евросоюзга эртеби-кечпи мүчө болгонго мүмкүндүк алышты, эгер Дейтондо аныкталган ушул жолду кабыл алганга макул болсо, буга ылайык өз милдеттерин так аткарса, анда мунун саясий, экономикалык үзүрү болот.

Жулиан Линдлей-Френчтин айтымында, эл аралык коомчулук өзү да Босниядан чоң сабак алды. Атап айтканда, мындай аймакта согушту токтотуу эле жетишсиз экенин, бөлүнүп-жарылган өлкөнү саясий-экономикалык структурага кайра кошуу керектигин, ошондо гана бекем, айныгыс бейпилдикти камсыз кылууга болорун, бирок буга кыйла убакыт талап кылынарын билди.
XS
SM
MD
LG