Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Кыргызстан Орусияга электр энергиясын экспорттоону токтотууда


БИШКЕК. Муну «Электр станциялар» ишканасы Казакстан аркылуу транзит жабылгандыгы менен түшүндүрдү. Кыргызстан Орусияга быйыл келишимдеги 1,1 миллиарддын ордуна 940 миллион киловатт саат электр энергиясын берди. Өкмөттүн көрсөтмөсүнө ылайык, октябрь айынан баштап ишкана электр энергиясын Орусияга берүүнү 50%га кыскарткан жана энергиянын баасын көтөрүү маселеси «Интер РАО ЕЭС» ишканасы менен талкууга алына баштаган. Орусиялык ишкана өз жообунда кыргыз тараптын сунушун мурдагы түзүлгөн келишимди бузуу катары санап, ал экономикалык чыгымдар менен коштолоорун эскертти. Жооп катта ошондой эле мындай туруксуздук Кыргызстандан электр энергиясына байланышкан кызматташтыкты улантуудан күмөн туудурары айтылат. Орусиялык жана кыргызстандык бул эки ишкана талкуулап жаткан маселе боюнча кыргыз өкмөтү түшүндүрмө бере элек.

XS
SM
MD
LG