Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

КАЗАКСТАНДА ШАЙЛОО ӨТТҮ


Жаныл Жусубжан, Прага калаасы Жекшемби күнү Казакстанда президенттик шайлоо болуп өттү. Аналитиктер президент Нурсултан Назарбаев эле жеңип чыгат деп айтышууда. Бирок оппозиция өкүлдөрү шайлоонун жүрүшүндө одоно мыйзам бузуулар болгондугун айтып чыгышты.

Шайлоо күнү Казакстанда 9 жарым миңден ашык шайлоо бекети иштеди. Шайлоо берүүгө өлкөнүн 16 миллион калкынын жарымынан бир аз көбүрөөгү укуктуу. Мамлекеттик 16 жылдан бери башкарып келаткан Нурсултан Назарбаев Астанада добуш бергенден кийин кабарчыларга мындай деди:

- Казакстандын эли саясий стабилдүүлүктү, достукту жана биздин көп улуттуу элибиздин биримдигин тандап алаарына ишенем. Казакстан жакында дүйнөдөгү эл өнөр-жайлашкан 50 мамлекеттин катарына кирет. Экономика өсүп жатат. Аны менен кошо элдин жашоосу да жакшырууда.

Назарбаев ошондой эле шайлоо буга чейин болуп көрбөгөн демократиялык шартта өтүп жатат деп ырастады. Жекшембинин алдында жүргүзүлгөн сурамжылоо боюнча, шайлоочулардын 70 пайызы Назарбаевге добуш беришмек. Алардын бири Астаналык Лола Хайдарова:

– Мен Назарбаевге добуш бердим. Неге дегенде анын бийлиги астында баары жакшы баратат. Экономика өсүп жатат. Назарбаев Казакстанды эң татаал убакытта колдоду.

Бирок оппозициянын талапкери Жармахан Туякбай Алматыда добуш бергенден кийин айыл жерлериндеги көп сандаган мыйзам бузуулар туурасында кабарлар болуп жаткандыгын билдирди. Ал бир кишинин бир нече жолу добуш беришине ылайыкташтырылган шайлоочулардын экиден тизмеси бар экендигин далилдеген фактылар бар деп айтты:

- Биз мурдатан эле айтканбыз, эгер эрежелер бузулса биз аларга каршы мыйзамдын жана Kонституциянын чегинде нааразылык билдиребиз,-

деп эскертти башкы оппозициячыл талапкер.

Шайлоого 1600дөн ашык чек элдик байкоочу, анын ичинде Кыргызстандан “Демократия жана aтуулдук коом” коалициясынан алты мүчөсү катышууда.

Казакстандагы электрондук шайлоо системасын Беларустан алып орнотушкан. Бир эле мезгилде кагаз бюллетендер менен добуш берилет. Шайлоонун жыйынтыгы эртең чыгарылат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG