Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Барскоондуктарга канадалык компаниянын компенсациясы бөлүштүрүлүүдө


БИШКЕК. “Сентерра голд” компаниясы берген 1 миллион долларды Жетиөгүз районунун беш айылынын тургундарына бөлүштүрүү башталды. Бул тууралуу “Карек” бейөкмөт уюмунун лидери Эркайым Иманкожоева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда ар бир айылдан түзүлгөн комиссиялар бул каражатты 4 миң 634 короого бөлүштүрүп жатышат. Бул каражат эмки аптада короодогу бак-шагынын жана эгин талаасынын өлчөмүнө жараша таратыла баштамакчы. Эскерте кетели, 1998-жылы Барскоон кырсыгында жапа чеккен беш айылдын тургундары ошол жылкы бак-шагынын жана эгининин түшүмдөрүн албай калышкан. Алар 1998-1999- жылкы алынбай калган түшүмдөр үчүн 3 миллион 700 миң доллар талап кылышкан. “Сентерра голд” компаниясы 24- ноябрда компенсациянын алгачкы бөлүгү катары 1 миллион доллар которуп берген. Эркингүл Иманкожоеванын айтымында, барскоондуктар компенсациянын калган бөлүгүн чогуу берүү талабын айтышууда. 10-ноябрдан тарта Барксоон, Тосор, Тамга, Чоңжаргылчак, Кичижаргылчак айылдарынын тургундары Бишкек-Кумтөр автожолун экинчи жолу тосуп, Барскоон кырсыгына байланыштуу канадалык ишканага тогуз талап коюшкан. Алардын арасында медициналык диагностикалык борбор ачуу жана элди бекер көрүү, экологиялык кырсыктан жапа чеккен макамын берүү өңдүү талаптар да бар.

XS
SM
MD
LG