Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Конституциянын долбоорун талкуулоого убакыт жетишпей жатат


БИШКЕК. Конституцияга өзөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жаңы долбоорду жалпы элдик талкуулоонун мөөнөтүн келерки жылдын 15-январына чейин узартуу зарыл. Учурда айыл өкмөттөрү 18-декабрдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоо менен алек болушуп, баш мыйзамдын долбоору айыл жерлеринде талкууланбай калды. Бул тууралуу “Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев Ош, Баткен, Жалалабад облустарын кыдырып келгенден кийин 7-декабрда “Азаттыкка” билдирди.

-Конституциялык реформанын долбоорун талкуу көп жерлерде жүргүзүлгөн эмес. Айрыкча айыл-кыштактарда. -деди Топчубек Тургуналиев.

Ал ошондой эле Акаевдин тушундагы бийликтегилер дале болсо аткаруу бийлигинен түшпөй, өз кызыкчылыктары үчүн иштеп жатышканын жолугушууда карапайым калк сынга алганын, алар жаңы бийликтин кадр саясатына нааразы экендиктерин билдиришкенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG