Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:20

ЧЫР-ЧАТАКТАРДЫ ЧАГЫЛДЫРУУДА ЖУРНАЛИСТТЕР ЭМНЕ КЕМЧИЛИК КЕТИРДИ


«Кыргызстандагы криминалдык кризис. Кризистик жагдайдагы журналистика: конфликттерди чагылдыруу жана маалыматка жетүүнүн ачык мүмкүнчүлүктөрү» деген темада Бишкекте 9-декабрда маалымдоо каражат өкүлдөрүнүн «тегерек үстөл» жыйыны өттү. Анда кийинки кездери Кыргызстан башынан кечирип аткан саясий окуялардын чоо-жайы, журналистиканын адеп-ыймандык маселелери жайында кеп болду.

Соңку кездери Бишкекте өткөн көчө жыйындар коомчулук арасында аркыл пикирлерди жаратты. Бийликтин абыдан алсыздыгын ырастаган бу жыйындардын маалымдоо каражаттарында чагылдырылышы да артынан толгон-токой суроолорду ээрчите келди. Өз алдынча жобо-түшүнүгү менен жашап келаткан криминалдын бийликке апачык кысым көрсөтүшү Кыргызстан башынан кечирген кризистердин эң опурталы болду окшойт. «Медиа-өкүл» институтунун жетекчиси Шамарал Майчиев маалымдоо каражаттарында көп айтыла баштаган «криминалдык жыйын» деген аталыштын туура эместигине токтолду.

- Ууру- кескилердин топтолушун «кримналдык жыйын» деп атаса болот. Бирок да биздин жарандар, мейли алардын арасында соттолгондор болсун, аларды эч ким жарандык укугунан ажыраткан эмес, адамдык укугунан ажыраткан эмес. Башкача айтканда, инсандык адамдык укуктары болот, андан эч ким ажырата албайт. Криминалдык авторитет деле өз оюн айтууга укуктуу, позициясын билдиришке жөнү бар. Бизде коомдук кызыкчылык укуктук жагынан так аныкталбаганын айткым келет.

«Интерньюс» коомдук бирикмесинин өкүлү Динара Суюмалиеванын ырасташынча, Кыргызстанда салттуу түшүнүктөрдүн текши баары аралашып кеткен.

- Криминалдык жыйын, аны уюштурганды маалымдоо каражаттары кенен бир жума рекламалашты. Андайга каршы уюштурулган жыйындарга анчалык көңүл бурулган жок. Саны жагынан бараандуу бул жыйын мамлекеттик теле аркылуу жакшы көрсөтүлгөн жок. 6 адамдын башын кошкон Куловго каршы жыйын жаңылыктардан түшпөй турду.

Маалымдоо каражаттарынын бир эле теманы чектен тыш айланчыктап алышынын натыйжасында коомдо мыйзамды бузган адамдар тууралуу тескери түшүнүктөр калыптанууда, деп маалымдады Жаза өтөө жайлар башкармалыгынын пресс-кызматынын жетекчиси Сергей Сидоров.

- «Укук алган ууру» биздин түрмөдө акыркы жолу 1995-жылы отурган. Бүттү, андан кийин «укук алган ууру» боло элек. «Криминалдык авторитет» азыр кадам сайын жолугат. Азыр криминалдык түшүнүктөрдүн баары аралашып кетти. Ар кандай ат берүүлөр, алдыга көтөрүүлөр акчанын жардамы менен жасалып жатат. Кандай акча экенин билесиңер. Бирок да кайсы бир теле көрсөтүүнүн аркасы менен «укук алган уурунун» саны дагы бир кишиге көбөйдү,- дейт Сергей Сидоров.

Орусиялык эксперт Эркебек Абдуллаевдин айтымында, криминалдын ачыкка чыга башташынын артында аркыл себептер болушу мүмкүн. Коомдогу тынчтыкка коопсуздук түзгөн ар кандай аракетти ириде атайын кызмат терең иликтеп, чатакты алдын-ала болтурбоонун амалы жасалышы абзел. Болор ишти болтурбай коюу анын натыйжасын жок кылууга караганда кыйла жеңил. Эркебек Абдуллаев Кыргызстандагы соңку окуяларды ыңкылап-революция деп атоо кыйын экенин, тек ичинен ирип-чириген мурдагы бийлик «үлп» эткен желге деле туруштук бере албай урап, ордуна жаңысы келип, ал азырынча бекем таканчык ала электигин айтты.

- Бийликтин иш-аракети тууралуу айтсам. Башында баарын кармап отургузуп коебуз деген, күч менен басабыз деген шашмалар да болгонун билдим. Антсе болбой калмак. Ошол учурда бийликтин сабыр тутканы туура болуптур. Эми мындайды болтурбай коюунун аракетине өтүү керек,- дейт Эркебек Абдуллаев.

Чыр-чатактуу иштерди чагылдыруунун жопкерчилигин бийлик да маалымдоо каражаттары экөө бирдей алышы керектигин жыйын катышуучуларынын дээрлик баары белгилешти. Маалыматты жашырып коюу ар кандай миш-миштердин көбөйүшүнөн башкага жарабайт. Жаза өтөө жайларындагы кийинки кездердеги окуяларды чагылдырууда журналисттер биртоп кыйынчылыктарга туш келгени, башкармалыкты маалымат кызматы учурунда кабарларды билдирип турууга жарай албаганы айтылды.
XS
SM
MD
LG