Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

Бүгүн эртең менен Лондондун түндүгүнөн 40 чакырымдай алыстыкта жайгашкан мунай сактоочу жайда бир нече жарылуу болду. Окуя болгон жерге жакын жайгашкан үйлөрдүн тургундары көчүрүлүп, жергиликтүү автотрасса жабылды. Жарылуу болгон жерде өрт өчүргүчтөр иштеп жатат. Расмий өкүлдөр ал жөнөкөй кырсык болушу ыктымал деп, ошол эле мезгилде бардык башка божомолдор да иликтенээрин ырасташууда.

Англиянын Хемель Хемпстиид шаарчасында тартылган кадрлардан асманга бир нече метрге жеткен кара түтүн көтөрүлүп жаткандыгын көрсө болот. Расмий маалыматтарга ылайык, 36 киши жарадар болду, алардын 4өө оор жараат алды.

Лондондун шаар полициясынын басма сөз катчысы Фрэнк Уитлей жарылуунун себеби - кырсык болушу мүмкүн деп билдирди

- Азырынча бул –кырсык деп айтууга негиз бар. Бирок так аныкталмайынча башка версияларды да эстен чыгарбайбыз.

Бунсефилд комплексинде Луутон аэроптортундагы учактар керектөөчү күйүүчү май сакталат. Аэропорт азыр ачык бойдон кала берүүдө, бирок уулануу коркунучунан улам, жергиликтүү автотрасса жабылды.

Кошуна үйлөрдүн тургундары болсо башка жерлерге эвакуацияланды. Хемель Хемпстииддин куткаруу жана өрт өчүрүү департаментинин маалымат катчысы Жэйн Вайн 80 миңдей тургунга бүгүн үйлөрүнөн чыкпоого эскертилди деди:

- Бизди өзгөчө уулуу түтүн тынчсыздантат. Биз элге ал жактан алысыраак болууну сунуш эттик. Түтүн башка аймактарга да жайыла баштады. Кара булут жай болсо да жылып жатат. Анын уулу болуп болбогондугун билбейбиз. Бирок Хемель Хемпстиид жана башка кошуна аймактарда жашаган элге терезелерин жабык кармоого жана сыртка чыкпоого кеңеш бердик.

Жарылуунун үнү 40 километр алыстыкта жайгашкан британ баш калаасында да угулду.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG