Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

«ВОЛГА» АВТОМОБИЛИН ЧЫГАРУУ ЭКИ ЖЫЛДА ТОКТОТУЛАТ


Бир кезде советтик чиновниктердин сыймыгы болгон “Волга” жеңил машинесин чыгаруу эки жыл ичинде биротоло токтотулат. Горький автомобиль заводу-ГАЗ өткөн аптада ушундай чечим кабыл алды. Ишкана жетекчилиги “Волга” моралдык жактан эскиргенине катар, чет элдик автомобилдер толуп бараткан ички базарда өтүмсүз болуп калганы, анын өндүрүшүн токтотууга негиз болгонун ырастады.

Эң алгачкы “Волга”- “ГАЗ-21” 1956-жылы мурдакы Горький, азыркы Нижний Новгород шаарындагы автозаводдон чыккан. ГАЗ ишканасынын азыркы кожоюну- россиялык таанымал ишкер Олег Дерипаска.
Ишкананын өкүлү Олег Гамов –автомобиль моралдык жактан эскиргени, анын өндүрүшүн токтотууга негиз болгонун маалымдады:

-Негизги акционер автомобиль моралдык жактан өтө эле эскерди деген бүтүмгө келди жана бул эч кимге жаңылык эмес. “Волганы” чыгаруу шарт токтотулбайт. Келерки эки жылда да чыгарыла берет.

Чыгашалуу “Волганы” чыгаруу акырындап кыскартылып, өндүрүштүк линия кирешелүү автофургондордун түрлөрүн жана жүк тартуучу машинелерди жасоого даярдалат.
“Өрдөк жокто чулдук бий” дегендей, СССР тышкы дүйнөгө жабык шартта “Волга” башкаруучу коммунисттик партиянын катчылары аздектеп минген машинеге айланган. “Волга” советтик жарандар үчүн дөөлөттүн да белгиси болчу.
Россиянын президенти Владимир Путин баалуу эстелик катары эски “ГАЗ-21ди” кармайт. Аны былтыр АКШ президенти Жорж Буш Москвага келгенде мингизип көргөзгөн. Азыркы волгалар 1970-жылы өндүрүшкө коюлган “ГАЗ-24түн” балдары.

Москвалык Сергей Оверченкодо “Волганын” акыркы модели- “31” бар:

- Мен айдоочу болуп иштеймин жана бул машинемди алмаштырбай айдап келем. “Волга” менин үй-бүлөөмдү бакканына мен бактылуумун. Ал танктай машине.

Оверченко жетерлик акча топтосо эле, үч жыл мурда жаңы сатып алган “Волгасын” немецтердин “Фольксвагенине” алмаштырам деп тилек кылып жүрөт.

Александр Рубинде 15 жыл мурда кредитке сатып алган “Волга-3110ну” бар:

-Менин “Волгамдын” быт-чыты чыгып жүрөт, шалдырап, бардык тетиктери күүлүп калды. Ар айда бир литр мотор майын куюп турам. Заводду жапканы жакшы болуптур. “Волга” символ бойдон кала берет. Бирок, “Волга” начар машине экени талашсыз.

“Волга” чет элдик машинелерге салыштырганда кымбат болбосо да, россиялыктар арасында заманбап, техникалык сапаты мыкты, комфортабелдүү япониялык, түштүк кореялык арзан баа машинелер популярдуу болуп баратат.
Өтүп бараткан 2005-жылы ГАЗ автобирикмеси 56 миң даана “Волга” сатылат деп болжол кылган. Бул былтыркыдан 7 процентке аз.
Чет элдик автоөндүрүшчүлөр да Россияда пайда болууда. Француздардын “Рено” корпорациясы Москвада жылына 60 миң жеңил машине жасоочу заводду курушууда. Япондор Санк-Петербурда “Тойотону” жыйнамак болууда.

XS
SM
MD
LG