Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:21

Айыл өкмөт башчыларын шайлоого даярдык жүрүүдө


БИШКЕК. 369 айылда жана аймактык деңгээлдеги 11 шаарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоого 1391 шайлоо участоктору жана шайлоо комиссиялары түзүлдү. 8-декабрда шайлоо бюллетендери даярдалып бүттү. Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
23-ноябрдан бери талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү деңгээлдеги жетекчилик кызматка бардыгы 1551 талапкер ат салышууда. Талапкерлердин жүз жыйырма алтысы аялдар.
Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого элчилик, эл аралык уюмдардан байкоочуларды чакырган. Шайлоо 18-декабрда өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG