Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

“Ыйман нуру” коомдук бирикмеси мыйзамсыз митинг, пикеттерди уюштурууга каршы


БИШКЕК. 17-декабрда Талас облусунун “Ыйман нуру” коомдук бирикмеси Бишкектеги Тарых музейинде өткөн жыйынында калайык калкка кайрылуу жолдоп, өлкө элин ынтымакка, сабырдуулукка чакыруу демилгесин көтөрүп чыгышты. Кайрылууда айыл, район, шаарларда карыялардын “Ыйман нуру” коомдук бирикмелерин түзүү, мамлекеттин туруктуулугун калыптандыруу, карыяларга жардам берүү, жаштарды ыймандуулукка тарбиялоо жана аял затына таалим-тасир бере турган “Умай эне коломтосу” коомдук бирикмесин уюштуруу айтылган. Ошондой эле мыйзамсыз митинг-пикет уюштурууга, жол тосууларга, коомдук жайларда тополоң чыгарууга каршы иш жүргүзүү маселеси көтөрүлгөн.
“Ыйман нуру” коомдук бирикмесинин төрагасы Сыргак Каимовдун пикиринде коомдогу туруксуздук бийлик башындагылардын ынтымагынын жоктугунан пайда болууда.

-Биздин уюм саясатка көп аралашпайт. Бирок биздин көз карашыбыз боюнча,бийлик башындагылардын өзүндө ынтымак жок болуп жатат. Парламент, президент, өкмөт бардыгы бөлүнүп кеткендей. Эң башкысы ошол бийлик бутактары өздөрү биримдиктүү, ынтымактуу болсо элге да таасири тийет эле.

“Ыйман нуру” коомдук бирикмеси Талас облусунда үстүбүздөгү жылдын май айында уюшулган.

XS
SM
MD
LG