Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:58

Чүй шайлоо комиссиясы сотто утулду


БИШКЕК. 17-декабрда Чүй райондук соту Токмоктогу адам укугу боюнча борбордун арызын канааттандырды. Аталган борбор Чүй райондук шайлоо комиссиясына участкалык комиссиялардын курамы жөнүндө маалымат берүүнү суранган. Шайлоо комиссиясы андай маалыматты берүүдөн баш тарткандан кийин бул борбор сотко арыз менен кайрылган. Борбордун жетекчиси Максим Кулешовдун пикиринде, 24-марттагы ыңкылапка шайлоолордогу мыйзам бузуулар да түрткү болгондон кийин бул жолку шайлоодо комиссиялардын курамы менен таанышып коюуну туура көрүшкөн. Чүй райондук комиссиясы мындай кадамын облустук комиссиядан бул маалыматты берүүгө уруксат жоктугу менен түшүндүргөн. Ошентип Чүй райондук соту 17-декабрда шайлоо комиссиясын бул маалыматты берүүгө милдеттендирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG