Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Өзбек оппозициясынын туугандары камалууда.


Өзбекстандык белгилүү оппозициячыл активист Нигара Хидоятова анын бир тууган сиңдиси камакка алынганын кабарлады. “Күнөстүү Өзбекстан” оппозициячыл коалициясынын мүчөсү болгон Нодира кечээ Орусиядан Ташкенге учуп бараар замат кармалган. Нигара Хидоятова сиңдиси саясий куугунтуктун курмандыгы болду деп эсептейт. “Бул жерде бир гана саясий себеп болушу мүмкүн. Бийликтегилер Өзбекстанда жашагың келсе өкмөткө түз кара, болуп жаткан окуяларга көзүңдү жуумп кой деп талап кылууда. Бирок биз анте албайбыз, өз мекенибиз алдындагы жоопкерчиликти сезебиз жана туура эмес көрүнүштөрдү айыптайбыз”, - дейт оппозициячыл активист.

XS
SM
MD
LG