Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:35

Президент К. Бакиев: экономикалык өсүүгө мүмкүнчүлүктөр бар


Бишкек. Кыргызстанда кийинки жылы экономикалык жактан өнүгүү багытында чоң ийгиликтерге жетишүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Мындай пикирин президент Курманбек Бакиев 20-декабрда өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземинде билдирди. Президенттин көз карашында, эгерде өкмөт жигердүү иштеп, аны парламент колдоп турса, кийинки жылга коюлган бардык максаттар ишке ашат: «Урматтуу депутаттар, урматтуу өкмөт мүчөлөрү! Сиздер макулдашып иштесениздер жакшы болоор эле. Иштин натыйжалуугу негизинен ушуга байланыштуу», - деди К. Бакиев. Белгилүү болгондой, кийинки жылы ички дүн продуктунун өсүшүн 8 пайызга чейин жогорулатууну камсыз кылуу белгиленген. Президент жыйында ошондой эле жаңы жылга чейин 2006-жылга каралган мамлекеттик бюджет жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуунун зарылдыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG