Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Көл жээгиндеги Казакстандын эс алуу жайлары анын менчигине айланат


БИШКЕК. Ысыккөлдүн боюндагы Казакстанга таандык «Автомобилист», «Самал», «Казакстан» жана «Университет» деп аталган 4 эс алуу жайы үч айдын ичинде Казакстандын менчиги деп таанылууга тийиш. Бул тууралуу кыргыз-казак өкмөттөрүнүн делегациялары 21-декабрда Казакстандын Тараз шаарында өткөн жолугушууда макулдашууга кол коюшту. Ага ылайык, казак тарап 4 жыл ичинде аталган эс алуу жайларын үч-төрт жылдыздуу мейманкалары бар эс алуу жайларына айлантышы керек.

Мындан сырткары бул жолугушууда келерки жылдан тарта Казакстан айыл чарба жумуштары үчүн 10 миң кыргыз эмгек мигранттарына орун беруу, ал эми соода-сатык менен алектенгендерге чек койбоо, өткөн айдын сонунда Алматыдан күч менен чыгарылган кыргызстандык атуулдардын паспортторундагы «депортацияланды» деген мөөрдү жокко чыгаруу тууралуу да протоколго кол коюлду.

XS
SM
MD
LG