Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:36

Ирактын мурдагы президенти абакта сабалгандыгын арызданды


Кечээ күнү Багдад шаарында Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейндин соту улантылды жана Саддам анда америкалыктар аны абакта кыйнаганы тууралуу билдирди: "Бизди урушту, бизди америкалыктар сабады, алар бизди кыйнады. Менин артымда отурган адам катуу сабалгандыктан, баса албай да калды", - деди Саддам сотто. АКШ өкмөтүнүн басма сөз катчысы Скотт Маклелландын айтымында болсо, Саддамдын бул билдирүүсү чындыкка жатпайт жана аны кармоо шарттары тескерисинче, абдан жакшы. Кечээ күнү сотто сүйлөгөн бир күбөнүн айтымында, Саддамдын учурунда туткунга түшкөндөр кыйналып жатканда, мисал үчүн, жетекчилер жүзүм жеп ыракаттанып отурчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG