Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

Иномжан Абдрасуловду депутаттыктан чакыртып алуу аракеттери башталды


ОШ. Бул жөнүндө Шарк айыл өкмөтүнүн үч жүзгө жакын тургуну катышкан элдик жыйынында чечим кабыл алынды. Жыйында төрагалык кылган Сайыпжан Урдиев, депутат Иманжан Абдырасулов “Апта” республикалык гезитине берген маегинде мурдагы Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыковдун ишкер беделине шек келтиргендиги жана кыргыз-өзбек мамилесине терс таасирин тийгизе турган ойлору үчүн жооп берүүгө тийиш деген пикирин билдирди. Жыйында чыгып сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү депутат Абдырасуловдун жыйынга чакыртылгандыгына карабастан келбей калгандыгын тоготпостук катары баалашты. Андан соң жалпы жыйындын чечиминин негизинде депутат Инамжан Абдырасуловду Жогорку Кеңештен чакыртып алуу боюнча шайлоочулардын колун топтоо иш чарасын башташты. Эске сала кетүүчү жагдай “Апта жаңырыгы” гезитинин 15-декабрындагы санында депутат Абдырасулов Анвар Артыков губернатор болуп турганда Карасуу-Ош жолуна өстүрүлгөн гүлдөрдү, арчаларды жок кылдырган, ага окшогон он өзбек губернатордон бир кыргыз губернатор жакшы деген мааниде маек курган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG