Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:54

Рысбек Акматбаевдин соту уланды


БИШКЕК. 23-декабрда Биринчи май райондук соту оор кылмыш жасап жаткандыгынан шектелип жаткан Рысбек Акматбаев, Эркин Мамбеталиев баштаган 9 атуулду угууга киришет. Мындай тыянак бейшемби күнү чыкты. Бул күнү сотко чакырылган 8 күбөнүн бирөө гана келип, көрсөтмө берди. Буга чейин эки күн катары менен сот күбөлөрдү укту. Бирок, чакырылгандар толук келбегендигине байланыштуу аны келерки жумага чейин иретке келтирүүнү тиешелүү тараптарга тапшырды. Ал эми милициянын генералы, маркум Чыныбек Алиевдин агасы Аскер Алиев күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бири-бирине карама-каршы келет деп эсептеп, милиция кызматкерлери менен күбөлөрдү беттештирүүнү сурап сотко кайрылды. Айыпталуучу Эркин Мамбеталиевдин адвокаты Сергей Манукян Ниязов аттуу башкы күбөнүн көрсөтмөлөрүн кайра текшерүүнү сурады. Үч адамды өлтүргөндүгүнөн шектелген 9 атуулдун ишин кароону сот 28-октябрда баштаган.

XS
SM
MD
LG