АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд кечээ күнү күтүүсүздөн Иракка келип кетти. Анын алдында ал Ооганстанда болгон. Министр Багдад шаарында жасаган билдирүүгө караганда, Ирактагы абалды калыбына келтирүү үчүн дагы убакыт керек: "Абдан көп өзгөрүүлөр болуп жатат. Мен буга чейин дагы бир нече жолу айткам, абалды жөнөкөй эсептөө менен чечип-түшүндүрүп, аскерлерди баланча күнү чыгарып кетсе болот деп айткан туура эмес. Мен дагы андай мөөнөт орното албайм", - деди Рамсфелд. Кечээ күнү Ирактын 35 саясий уюму 15-декабрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныгандан баш тартты жана добуштарды саноо учурунда болгон бурмалоолор боюнча эл аралык тергөө жүргүзүүнү талап кылды.