Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

ЧЕХТЕР КРИСТМАС МАЙРАМЫН КАНДАЙЧА БЕЛГИЛЕШЕТ?


Ошентип, Батышта Ыйсанын туулган күнүн белгилөө менен байланыштуу шаан-шөкөткө мол майрам күндөр – Кристмас да башталды. Католик жана протестант үй-бүлөлөр гана эмес, христиан динин үстүрт гана кабыл алган адамдар да балатыларды кооздоп, салттык майрамдык тамак-ашты даярдап, бала-чакасына белек-бечкек даярдоо менен алек. Кристмасты такыба христиандар гана эмес, дин менен иши болбогон европалык бүлөлөр да белгилейт. Чехиянын ордо шаары Прагада бул майрам кандайча майрамдалат?

Мына, Праганын эски шаардык бөлүгүндө татынакай жасалгаланган арабаларга чегилген аттар кошкуруп, көчөлөрдө туристтерди балыктай кармаган ээлеринин өкүмү менен улам жаңы конокту сайрандатып жатат. Оюн-шоокко куштар туристтер айрым жерлерде ысытылган кызыл шарап ичип, күн суугуна кайыл.

Тээ орто кылымдардан калган Тин чиркөөсү сыяктуу имараттардын кооздугуна суктанып карап, көчөдөн көчөнү жөө кыдыргандары канча!

Көчө боюнда туруп алып, кан чачыраган пластик халатын улам кагынган Давид аттуу жигит шымалана карп балыгын сатып жатат. Анын жанындагы ири жыгач челектеги карптар ары-бери туйлап жатканын аң-таң боло карагандар да арбын.

Давиддин оюнча, Прагадагы Кристмас майрамынын алдыңкы күнүнүн шаанисин чыгарган тамак – дал ушул балык менен байланыштуу:

- Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн басымдуу бөлүгүндө ушул сыяктуу соодага тыйуу салынган. Алар муну жан-жаныбарларга карата ырайымсыз мамиле кылуу деп баалашат. Бирок бул – жарабаган кеп. Кардарлардын көбү балык сатып алууга ынтызар. Азыркы башаламан дүйнөдө ушундай Кристмас салттарын сактоого карата талаптар да күчөп баратабы дейм.

Бул диний майрам «барган сайын өз шаанисин жоготуп баратат» деп беймазалангандар да бар. Алардын бири – Войтех Беллинг. Анын оюнча, көпчүлүк европалыктар бул кечте балык бышырганга шашылган менен, майрамдын чыныгы мааниси – Ыйсанын туулган күнү менен байланыштуу экенин таназарга албайт.

Айтмакчы, ортодокс (православие) христиандары бул майрамды Юлиан календарына ылайык 7-январда белгилешет.

Беллинг мырза тээ Кайра жаралуу доорунан сакталып калган прагалык чиркөөгө кирип баратып, мындайча ою менен бөлүштү:

(INSERT AUDIO -- Belling in Czech -- NC122136)
- Чехия өлкөсүндө Ыйсанын туулган күнү майрамы соңку 50 жылда руханий майрамдан секулярдык гана шаан-шөкөткө айланып калды. Бул майрам Христостун туулган күнүн даңазалаган майрам болуудан калып, тек кардарчылыктын, керектөөчүлүктүн гана майрамы болуп калды. Көптөгөн кишилер үчүн христиандык чакырык өз маанисин жоготту.

Арийне, бул майрамдын башкы чакырыгын христиан дүйнөсүнө эстеткендер таптакыр эле жоголду дешке да эрте.

Праганын Эски шаардык аянтында театр билеттерин саткан күркөдө иштеген Лидия аттуу украин айым Кристмастын маанисин мындайча чечмелейт:

- Мен чехтерге гана эмес, дүйнө жүзүндөгү бардык элдерге достукта жана тынчтыкта жашоосун, жумуш менен камсыз болушун жана бак-таалай каалаар элем. Баарыңарга куттуу Кристмас жана Жаңы Жылда бак-таалай каалайм! Чехтер айткандай, бардык жакшылыктар келе берсин!

Бул майрам – эң биринчи кезекте балдардын сүймөнчүлүгү. Санта Клаус, Йежишек жана башка жергиликтүү Аяз аталар күтүлгөн жана күтүлбөгөн белек-бечкектерди, ажайып оюнчуктарды жеткинчектерге билгизбей дал ушул Ыйса туулган күнү таштап кетет эмеспи.

Чех балдарынын Кристмас күнү ырдаган ырларынын бирин кабарчыбыз Жефри Донован Прагадагы балдар бакчасынан жаздырып алган эле, эми ошону угалы:

- “Кар жаады, кар жаады, аяз келди. Мышыктын баласы үшүп калды, анын түгү тим эле тигинен туруп калды”, - деп чех балдары ырдашты.

Албетте, балдар өздөрү каалаган белек тууралуу да кыялданышат. Бир Криштоф (Krystof) деген бала кабарчыбыз Жефри Донованга Кристмастан күткөнү эмне экени тууралуу купуя сыры менен мындайча бөлүштү:

Krystof: "English videos!"
RFE/RL: "And what else?"
Krystof: "And a sword ..."
RFE/RL: "And what else?"
Krystof: "A book like [my friend] Harry has!"


“Англисче видео тасма, анан кылыч, анан досум Гарри алып жүргөндөй бир кызыктуу китеп алууну каалайм”, - дейт кичинекей Криштоф.

Албетте, Алатоодо Аяз ата деп таанылып калган, чехче «Йежишек» деп даңазаланган, Батышта Санта Клаус катары баркталган сыйкырдуу кейипкер да, Криштофтун ата-энелери да анын сырын жаземдебей угуп турушкандыгында шек жок.

Кылым карыткан бул майрам азыркы доорго чейин ушунчалык өзгөрүп-өнүгүп, чыныгы үй-бүлөлүк майрамга айлангандыктан, аны Чехияда жашаган көптөгөн бүлөлөр динине карабай белгилеп калышты.

Бул, нечендеген балдар үчүн, тек гана кышкы каникулдун башталышын даңазалаган, кыш мезгилин элестеткен майрам.
XS
SM
MD
LG