Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Бюджеттик салгылашуулар парламентте эртен башталат.


Келерки жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорун кыргыз парламенти эртен карап баштайт. Бюджет маселелери боюнча парламенттеги талкуу кызуу талаш-тартыштар менен өткөнү турат. «Кара терге салчу катуу салгылашуулар болот»,- деп айтты бүгүн депутат Болот Марипов.
Бир катар депутаттардын бюджет долбоору боюнча Экономика жана каржы министрлигине дооматтары чоң болууда. Мисалы, депутат Карганбек Самаков айрым орчундуу булактардан түшчү кирешелер бюджетте көрсөтүлбөгөндүгүн айтып, сындап чыккан жатат: Мына шаарда 10 миң микро автобус бар. Айына 300сомдон эле патент алганда, айына 300 млн. сом түшөт. Бул киреше эмне үчүн бюджетте көрсөтүлгөн эмес. Мынча каражат кайсы чиновниктердин чөнтөгүнө түшөт. Мен терең ишенем, 2006-жылдагы бюджеттин 50 пайызын да чогулта албастыгыңарга. Силер аткезчиликке кеңири жол ачып берип жатасыңар!- деп сүйлөдү бүгүн Карганбек Самаков.

XS
SM
MD
LG