Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:51

Украина газ жагынан жардам сурап Путинге кайрылат.


Украин премьери Юрий Ехануров Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, эки өлкө ортосундагы газдын баасы боюнча талаш-тартышты чечүүгө жардам сурай турганын маалымдады. ИНТЕРФАКС кабарлагандай, Украина Путинден КМШнын төрагасы катары “Газпромго” таасир этүүнү суранмакчы. Орусиялык мамлекетке караштуу “Газпром” ишканасы Украина газды төрт эсе кымбат баада сатып алганга макул болбосо, 1-январдан тарта көгүлтүр отун жөнөтүүнү токтотоорун жарыялаган. Киев жаратылыш газынын баасын акырындап көтөрүү керек деген пикирде.

XS
SM
MD
LG