Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Ирактагы козголоңдордо 20дан ашуун киши мерт болду.


Ирактын ырасмий өкүлдөрү кечээ козголоңчулардын чабуулунан коопсуздук күчтөрүнүн 10 кызматкери курман болгонун билдиришти. Ошол эле күнү Бухриз шаарында согушкерлердин огунан беш ирактык полициячы набыт кетип, төртөө жараат алышкан. Бакубанын жанында буктурмадагы кол салуудан дагы 5жоокер каза тапты. Багдадда кайгуулда жүргөн АКШ аскери ракеталык чабуулдан жантаслим болду. 15-декабрдагы парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына ылайык, добуштардын 36%ын Күртстан Коалициясы, андан кийинки орунду шийилер Биримдиги жеңген. Сунни араптардын майданы 5% чогулта алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG