Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:22

Өлүм жазасына мораторий узартылды


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев 29-декабрда «Кыргыз Республикасында өлүм жазасын аткарууга мораторийдин мөөнөтүн узартуу тууралуу» Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, мораторийдин мөөнөтү 2006-жылдын 1-январынан баштап өлүм жазасы мыйзамдуу жол менен толук алынып салганга дейре узартылды. Мындан сырткары өкмөткө эки айлык мөөнөттө өлүм жазасын алып салууга багытталган Эл аралык пактыга Кыргыз Республикасынын кошулушуна, өлүм жазасын өмүр бою же узак убакытка эркинен ажыратуу менен алмаштырууга багытталган мыйзам долбоорлорун даярдоо токтом кылынган. Ошондой эле Жогорку Кенештин депутаттарынан жаза саясатын мындан ары гумандаштыруу жана өлүм жазасын алып салуу боюнча демилгелерди, иш чараларды колдоо жагы суралган.
Жыл сайын киргизилген мораторийлерге ылайык Кыргызстанда 1998-жылдан бери өлүм жазасы аткарыла элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG