Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Президент Курманбек Бакиев Кыргызстан элин жаңы жыл менен куттуктады


БИШКЕК. 31-январда түнкү саат 12ге жакын президент Курманбек Бакиев Кыргызстан элин жаңы жылы менен куттуктады. Ал 2005-жыл Кыргызстан үчүн өзгөчө жыл болгондугун белгилеп өттү:

- Бул жыл жалпы журтчулук үчүн да, тарых барактары үчүн да өзгөчө жыл болду. Элдин көйгөй-мүдөөсү ишке ашып, коррупцияланган эски бийлик кулатылды. Бирок аркасынан залакасы көп, көптөгөн чечилбеген маселелерди, руханий жардылыкты, теңсиздикти калтырып кетти.

Президент өз сөзүндө ошондой эле мурдагы бийликтин тушундагы терс көрүнүштөргө мындан ары жол берилбей тургандыгын, бийлик тарабынын экономиканы көтөрүүгө, айыл-чарбаны, өнөр-жай тармагын жандандырууга чоң көңүл бурула тургандыгын белгилеп өттү. «Кыргызстан элдери бакубат жашоого татыктуу жана мындай жашоону камсыз кылууга бийлик милдеттүү», – деп айтты президент. Президент Кыргызстан эли менен бирге жаңы жыл менен өлкөдөгү чет өлкөлүк конокторду, коңшу өлкөлөрдүн да тургундарын куттуктады.

XS
SM
MD
LG