Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:02

БИТЕЛ кардарларга байланыш кызматын бекер пайдаланууга уруксат берди


БИШКЕК. Кыргызстандыктарды уюлдук телефон байланышы менен жабдуучу БИТЕЛ компаниясы жаңы жылдык белек катары өз кардарларына 1-январдан 7-январга чейин телефон байланыш кызматынан бекер пайдаланууга уруксат берди. Жалпысынан БИТЕЛ кызматынан пайдалангандардын саны 470 миң экендиги маалымдалып келатат. Бирок, компаниянын жетекчилиги алмашкан акыркы учурда кызмат көрсөтүү акысы 1,5 эсеге кымбаттап кетти. Маселен, 16 минуталык моби-картанын наркы 220 сомдон 300 сомго көтөрүлдү жана анын таңсыктыгы күчөп баратат. Мындай жагдайга байланыштуу ишкана жетекчилиги түшүндүрмө бере элек.

XS
SM
MD
LG