Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

ЕККУ Ош облустук ички иштер кызматына техникалык жардам берди


ОШ. 6-январь күнү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жергиликтүү Талаа бюросунун өкүлдөрү Ош облустук ички иштер башкармалыгына чет эл маркасындагы үч автобус, бир канча түстүү телевизор жана компьютер түрүндө техникалык жардам көрсөттү. Мындан сырткары ички иштер башкармалыгынын кайгуул күзөт бөлүмүнүн 105 кызматкери өзгөчө операцияларды аткаруу учурунда пайдаланыла турган атайын кийимдери менен камсыз болушту. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Оштогу Талаа офисинин жетекчиси Джерон Бойжу мырза жогоруда аталган техникалык жардам өткөн жылы жазда кабыл алынган кыргыз милициясынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча программанын алкагында берилип жаткандыгын билдирди.


Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин билдирүүсү боюнча, 6-январда Баткен, Жалалабат, Ош облустарынын айрым жерлеринде кар жаап, туман түшөт. Калган аймактарда кар жаашы күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Талас дубанында түнкүсүн -19...-24, күндүз -8...-13 градус суук.
Чүй облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -9...-14 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн -9...-14, күндүз -3...-8 градус суук.
Ысыккөлдө түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...-8 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -25...-30, күндүз -14...-19 градус.
Бишкекте кар жаашы күтүлбөйт. Жолдор тайгак болуп, туман каптайт. Абанын температурасы түнкүсүн -18...-20, күндүз -10...-12 градус суук болот.

Кабарларды Бурулкан Сарыгулова, Шайырбек Эркин уулу жана облустук кабарчылар даярдашты.
Редактору Кубат Чекиров.

XS
SM
MD
LG