Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Вена шаарында Ирандын өзөктүк маселеси боюнча жыйын болбой калды


Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселе боюнча бүгүн Вена шаарындагы Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттикте сүйлөшүүлөр башталмак, бирок ага Ирандын өкүлчүлүгү келген жок. Мындан эки жыл мурда убактылуу токтотулган өзөктүк изилдөөлөрүн Тегеран кайра баштай турганын үстүбүздөгү аптада жарыялаган жана АКШ, Алмания, Франция сыяктуу мамлекеттер ал тууралуу өз тынчсыздануусун билдирген. Иран президенти Махмуд Ахмадинежад болсо бүгүн - Тегеран айтканынан кайтпайт деп дагы бир жолу жарыялады.

XS
SM
MD
LG